Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » «Биримдик» №1. Гүлжигит Жумаев: “Ѳлкѳбүздүн ѳнүгүүсүнѳ ар бирибиз салым кошолу!”

«Биримдик» №1. Гүлжигит Жумаев: “Ѳлкѳбүздүн ѳнүгүүсүнѳ ар бирибиз салым кошолу!”

28-сентябрь, 11:23
662 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин эл менен жолугушуулары уланууда. «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясынын талапкери Гүлжигит Жумаев да Сузак районунун шайлоочулары менен жолугушууларды ѳткѳрүүдѳ. 

Бул ирет талапкер райондун Катыраңкы айылынын жашоочулары менен жолугушту. Анда талапкер «Биримдик» партиясынын максаты, программасы менен тааныштырып, алдыда аткарчу иштерине токтолду. Ошону менен бирге ал ѳлкѳбүздү ѳнүктүрүп, ѳстүрүү үчүн ар бир жаран колунан келишинче эмгек кылып, салым кошуусу керектигин билдирди. 

«Биз азыр терең ойлоно турган, алдыга кыраакылык менен кадам жасай турган мезгилде турабыз. 10-20 жылдан кийин ѳлкѳбүздүн абалынын кандай болору ар бирибизди ойлонтушу керек. Мамлекетибиздин бекемделип, түптѳлүүсү, ѳнүгүүсү үчүн колубуздан келгенин жасашыбыз зарыл. Болуп ѳткѳн пандемия ѳлкѳбүздүн алсыздыгын, кѳп нерсеге даяр эместигибизди кѳрсѳттү. Бирок мамлекетибизди алсыз деп эле тим болбостон, ар бирибиз мекенибиз үчүн эмне кылдык (?) деген суроону берели. Ар бир жаран мекеним үчүн эмне жасадым (?) деген суроону ѳзүнѳ берип, колунан келген салымын кылганда гана ѳлкѳбүздү ѳнүктүрѳ алабыз», - деди Гүлжигит Жумаев. 

Ошондой эле талапкер элибиздин биримдиги менен ынтымагы мамлекетибиздин бүтүндүгүн, күчтүүлүгүн, келечегин камсыз кыла турганын белгилеп, элдин биримдигин туу туткан «Биримдик» партиясын колдоого алууга чакырды. Ал белгилеп ѳткѳндѳй, элибиздин биримдиги  менен гана баардык нерсени жеңе алабыз. Андыктан бѳлүнүп, жарылууну токтотуп, биригүүгѳ мезгил жетти. Мекенибиз -- биздин дѳѳлѳт, дѳѳлѳтүбүздү колубуздан чыгарып жибербейли!», - деди «Биримдик» партиясынын талапкери. 


«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясый партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер