Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Маммүлк фондусу “Каравандын” салыгын өөнөп, ири зыянга учуратып келдиби?

Маммүлк фондусу “Каравандын” салыгын өөнөп, ири зыянга учуратып келдиби?

18-апрель, 23:06
601 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Олуттуу жагдайга көңүлүңөрдү бурмакчыбыз. “Караван” соода борбору ЖЧК “Ташболот-Холдинг” деген ат менен Нариман Түлеевге таандык болуп, 2006-жылдан бери иштеп келе жаткан. Ал эми 2016-жылы соттун чечими менен мыйзамдуу түрдө конфисковать этилип, 2017-жылдын май айынан баштап мамлекеттин мүлк фондусуна өткөрүлүп берилет. Мына ошол берилген жылдан тарта, андагы “Караван СБ” иштетип келген арендаторлор 2021-жылдын башына чейин ар бир чарчы метрге төлөнгөн аренда акысы үчүн мамлекеттик мүлк фондусуна 74 миллион сом, андан тышкары, салык түрүндө 7,2 миллион сом төлөп турушкан. Башкы прокуратура менен УКМКнын коррупцияга каршы башкармалыгынын эсине салчу жагдай, мамлекеттик мүлк фондусу ошол арендадан түшкөн 74 миллион сомдон республикалык бюджетке болгону 30 пайызын эле которуп, тактап айтканда, 22,2 миллион сомун төксө, а калган 51,8 миллион сомун ички керектөөлөрүнө жумшап турганы кандай? Бул аз келгенсип баардык коммуналдык чыгымдарды арендаторлордун моюндарына илип төлөтүп, эгер текшерүүчүлөр келсе, алар баарын төкпөй-чачпай айтып беришерин билдик. 

Арендаторлордун айтуусу боюнча, 2005-2010-жылкы төңкөрүштөрдө талап-тоноочулукка учурашса дагы, мамлекеттен бир тыйын сурабай, өздөрү чыгымдарды калыбына келтиришип, мамлекетке салыктарын төлөп турушкан. “Караван” соода борбору имаратты пайдаланууга бергенде, төрт эле дубалы бар болчу, калган ички жасалгасына өздөрү кызылдай акчаларын кетиришип, оңдоп-түзөшүп, сатып алып иштетип жатышса, даяр оокатка мурунку мамлекеттик мүлк фондусунун жетекчилери өздөрүнүн кишилерин алып келүү үчүн ар кандай кысымдарды көргөзүшүп, эптеп иштеп жаткан адамдарды кетириштин амалдарын издешүүдө. “Караван” соода борборунун ичиндеги аянтчаларды электрондук сатыкка чыгарышып, айласын кетирип жатышканда, эми минтип мамлекеттик мүлк фондусуна жаңы жетекчи келип отурат. Жаңы жетекчиге арендаторлор ишеним артышып, маселени оң жагына чечүүнү айтышып, үмүт менен кайрылуу жолдошууда. Биринчиси, “Караван” соода борборун электрондук сатуудан алып салуу. Экинчи суранычка келсек, аренда төлөө маселесин төмөндөгү вариант менен сунуш кылуу. Ар беш жылда арендаторлор менен макулдашуу келишимин түзүп, жыл сайын 1 м/кв жерге Бишкек шаарынын соода борборлорунун орточо арендалык баасын, акысын төлөп туруу. Бизге өзүбүздүн ичибиздеги арендаторлордон турган кооператив түзүп берсе, жыл сайын мамлекетке 74 миллион сомду жана 7,2 миллион сом салык түрүндө республикалык бюджетке ортомчусу жок эле түз төлөп туруу. Ишкерлердин дагы бир сунушу – мамлекеттен 2020-жылдын июль айында (ковид оорусуна байланыштуу жабылган учурда) бир айлык аренда акысын кечип берүү. Башка бизнесмендер сыяктуу эле биз дагы былтыр ковидден жапа чеккенбиз. Эгер мамлекет мунубузду колдоп, чечип берсе, бизнесмендерге болгон жардамы катары билет элек. Ушул убакка чейин үндөрү жетпегенине байланыштуу алар мамлекет башчысы Садыр Жапаровго жана премьер-министр Улукбек Мариповго “Азия Нюьс” гезити аркылуу кайрылуу жасаганга мажбур болушту.           


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер