Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Центерра Голд Инк” афералык компания экени ачыкталууда

“Центерра Голд Инк” афералык компания экени ачыкталууда

21-май, 23:25
1 180 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссия 2021-жылдын 11-майында ишинин     алгачкы жыйынтыгын теледен түз чагылдырып, кезектеги отурумун өткөзүштү. Чын-чынына келгенде Акылбек Жапаров баш, Динара Кутманова төш болгон мамлекеттик комиссия өз ишин мыкты аткарып, 25 жылдан бери кыргыз элинин ырыскысын жеп жүргөн Канаданын “Центерра Голд Инк” компаниясынын коррупциялык былык иштерин ташка тамга баскандай далилдүү фактылар менен айтып алып чыккандары кыргыз элин кубантып отурат. Бул жерде биринчи кезекте мамлекеттик комиссиянын башчысы Акылбек Жапаров, төрайымы Динара Кутманова жана комиссия мүчөлөрүнүн эмгегин баалай билишибиз абзел. Себеби, экология боюнча 3 миллиард 86 миллион долларга жана төлөмдөр боюнча 1 миллиард 166 миллион долларга кыргыз мамлекетине зыян келтиргендери аныкталды. 

2012-жылы дагы Жогорку Кеңештин тапшырмасы менен депутаттык комиссия түзүлүп, аны азыркы президентибиз Садыр Жапаров жетектеп барган. Ушул жерден окурмандарга баса белгилеп кетчү жагдай, мамлекеттин бир тыйынын коротпой, демөөрчүлөрдүн эсебинен 50 миң доллар коротуп, дыкат, тыкыр текшеришип, отчетунда мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгы унутта калып, корголбой калганын жана “Центерра Голд Инк” компаниясынын коррупциялык кылмыш иштери ат көтөргүс экенин айтып чыгышкан. “Центерра Голд Инк” компаниясынын ишмердигин бир жаңсыл чечүүгө аракет кылышса, ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев жана Асылбек Жээнбеков башында турган оёндор (“былык иштерибиз ачыкка чыгып калбасын” деп) ошол кездеги депутат Талант Узакбаев болушуп, “Садыр Жапаров баштаган комиссия туура эмес, чындыктан алыс текшерүү жүргүзүп келишиптир. Биз булардын отчетуна ишенбейбиз” деп кайрадан мамлекеттик комиссия түзгөнгө жетишишет. Ал комиссияны жетектөөнү Темир Сариевге жүктөшөт. Темир Сариев жетектеген комиссия Садыр Жапаров текшерип келген комиссиянын отчетунан фактыларды алып, бирок, бир канча эсе азайтып көргөзгөнү эсибизде. Бир эле экологияга келтирген зыянды алсак, Темир Сариев жетектеген комиссияга экология боюнча эксперт болуп Динара Кутманова да кирген. Ал дагы изилдеп, эсептеп чыгып, 6,7 миллиард долларга далилдүү айып пул салса, комиссиянын башчысы Темир Сариев: “Ой, муну “Центерра Голд Инк” компаниясы төлөй албайт, андан көрө 100-150 миллион эле салалы” деп теңирден тескери кеткенин ошондо эле Динара айым айтып чыккан. Ошол кездеги Темир Сариев жетектеген комиссия Кумтөр боюнча 400 барактан турган том жазып келишип, ичинде мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгына туура келген маңыздуу эч нерсе жок болуп чыккан. Ал аз келгенсип, булар мамлекеттин эсебинен Кумтөр кенин текшергенге, салык төлөөчүлөрдүн эсебинен 20 миң евро, 200 миң доллар жана бир канча миллион сом коротушкан. 

Ошондуктан урматтуу калайык калк, Кумтөр боюнча тагдыр чечүүчү мезгил келди. Эгер биз кыргыз мамлекетинин жана элинин келечегин ойлосок,  президентибиз Садыр Жапаровдун айланасына бир муштум болуп биригели. Кимдин ким экенин жакшылап баамдасаңар. Жөн эле канадалыктарга жан тартып, “булар биздин инвесторлор, сотко берсе утулуп калабыз” деп эмитен элдин башын айлантап жаткан эл аралык бизнес ассоциациясынын директору Аскар Сыдыковго окшогондорго түк ишенбегиле! Ал эми “адис катары айтып жатам” деген Дүйшөнбек Камчыбеков маңыздуу деле эч нерсе айталбады. Мындай эксперттин барынан жогу! Орозбек Дүйшеев “Центерра Голд” компаниясын “инвестор, салык төлөп жатат” дечү эле, көрдүк го кантип салык “төлөп” жүргөнүн. 

Урматтуу элим, ушуну так билип алалычы, “Центерра Голд Инк” компаниясы башынан эле инвестор болгон эмес, ал болгону афералык компания экенин  көпчүлүк эл эми түшүнүп, билип отурат. Ошон үчүн саткындардын, чыккынчылардын “инвесторлор келбей коёт” деген сөзү суу кечпейт! 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер