Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Биримдик” №1. Аширбай Жусупов: “Биз көйгөйлөрдү чечүүнү билебиз”

“Биримдик” №1. Аширбай Жусупов: “Биз көйгөйлөрдү чечүүнү билебиз”

30-сентябрь, 17:38
698 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

"Биримдик" партиясы парламентке шайланып калса, мамлекеттик аппараттын ишинин натыйжалуулугун жогорулатып, калктын укуктук маданиятын калыптандырып, бюрократияны жоюу жана электрондук башкарууну киргизүү маселелерин биринчи орунга коёт. Бул тууралуу депутаттыкка талапкер Аширбай Жусупов лейлектиктер менен болгон жолугушуу учурунда билдирди. 

Анын айтымында, “Биримдик” партиясынын программасы популизмден алыс болуу менен бирге реалдуу максаттарды камтып, төмөнкү сунуштары менен айырмаланат:

-- мамлекеттик башкаруунун сапатын системалуу түрдө жогорулатуу үчүн, ага жогорку статус жана ыйгарым укуктарды берүү үчүн бирдиктүү борбор түзүү;

-- электрондук өкмөттү натыйжалуу оптималдаштыруу;

-- башкаруунун бардык оптималдаштырылган моделин бирдиктүү электрондук башкаруу принциптерине которуу;

-- бийликтин бардык бутактары үчүн “Коомчулуктун мамлекетке ишеним индексин” жогорулатуу;

Аширбай Жусупов партия өзгөчө негизги маселелердин катарына жумушчу орундарды түзүү, инфраструктураны жакшыртуу, таза суу көйгөйүн чечүү, ишкерлерге жеңилдетилген насыяларды берүү маселелерине дагы бир жолу токтолду.

Талапкер “Биримдик” партиясы тажрыйбалуу саясатчылар жана прогрессивдүү, билимдүү жаштардан түзүлгөнүн айтып, көйгөйлөрдү чечүүнүн эң туура жолдорун сунуштай алган компетенттүү адистер экендигин белгилеп, шайлоо күнү “Биримдик” партиясына добуш берүүгө чакырды.



«Биримдик» (Единство) демократиялык партиясы» саясый партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер