Акыркы кабарлар
» Саясат » Алтынбек Максутовдун ордуна Чыңгыз Эсенгул уулу министр болсо, уят кылмак эмес
Алтынбек Максутовдун ордуна Чыңгыз Эсенгул уулу министр болсо, уят кылмак эмес
25-июнь, 22:37
1 160 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутовго өзү жетектеген тармактан, депутаттардан, дегеле жалпы коомчулуктан нааразычылыктар айтылып келет. Так кесе ачыктасак, жүк көтөрө албай калганы жашыруун эмес. Мындай шартта “кашаң атты камчылай бергендей” образ жаралып, жылуу сөз да чыкпай калат экен. Кызык, башка кадр жокпу? Алыс жактан издебей эле орун басары Чыңгыз Эсенгул уулун министр кылса жарашат. Билими, тажрыйбасы жетиштүү. Уюштургуч, мыкты дипломаттык да жөндөмгө ээ. Тааныш-билиш, куда, жек-жаатка карабай эле, өз дарамети менен өсүп келаткан жаш жигитти колдоп коюшса төп келишмек. Чыныгы адисти эмгегине жараша баалап, ишин талдап туруп, көтөрүп койсо болбойбу? Табиятынан чыйрак мүнөз каарманыбыз аталган тармакты сөзгө калтырбай, элдин ишенимин актап, ак жана так иштемек. Кыскасы, даяр министр Чыңгыз Эсенгул уулу турса, эмнеге чайналып отурасыңар?
Бөлүшүү:
"Азия Ньюс" гезити