Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Путин Орусиядан чыгып кеткен жарандарга кандай чара көрүлөөрүн айтты

Путин Орусиядан чыгып кеткен жарандарга кандай чара көрүлөөрүн айтты

17-октябрь, 11:35
416 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Орусиянын президенти Владимир Путин мобилизациядан качып, өлкөдөн чыгып кеткен жарандар тууралуу комментарий берди.

Путин Астанага жасаган иш сапарынын алкагында журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөргөн. Анда орусиялык журналисттер өлкөдөн чыгып кеткендерди Орусияда «саткындар» деп айтылып жатканын, алардын Орусияда калган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрү конфискацияланат, — деген кептер жүрүп жатканы тууралуу Путинге суроо узаткан.

Орусия президенти мобилизациядан баш тарткан эркектер тууралуу эмоция менен эмес, юридикалык негизде жооп берүүнү туура көргөндүгүн айтты.

«Ар бир конкреттүү абал боюнча укуктук баа берилет. Кимдир бирөө катуу корккону үчүн, дагы бирөө мобилизациядан качып, дагы бири башка себептерден улам өлкөдөн чыгып кетиши мүмкүн. Ар бир конкреттүү абал боюнча, конкреттүү түрдү укуктук баа берилиши керек», — деп билдирген Орусия президенти Владимир Путин.

Кошумчалай кетсек, Орусияда 21-сентябрда жарым-жартылай мобилизация жарыяланган. Бул окуядан улам өлкөдөн жүз миңдеген жарандар чыгып кетти.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер