Өмүрзак Төлөбеков: “Дүйнөдөгү теңдешсиз “Манас” эпосубуз жалпы адамзаттык кенчке айланат”
Киносценарист жана продюсер Өмүрзак Төлөбеков менен маек.
-- Өмүрзак мырза, соцтармактарда Түркияда дүйнөгө дүң болгон “Эртугрул”, “Осман” киносерилдарынын продюсери Мехмет Боздаг, “ТРТ Аваз” телеканалынын жетекчиси Седат Сагыркайа менен эл аралык кино долбоорлор тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп атканыңыз тууралуу маалыматтар жарыяланды. Ошол жолугушууларда эмнелерди талкуулаганыңыздар тууралуу айтып бербейсизби?
-- Анкарада Түркиянын башкы мамлекеттик көп тилдерде чыгуучу “ТРТ Аваз” телеканалынын жетекчиси Седат Сагыркайа менен жолуктук. Ал киши “Манастын уулу Семетейди” июнь айында Анкарада премьерада көргөн. Аялы Гүлкайыр – кыргыз кызы, уулу Султан, кызы Айша. Кыргызстанга келип-кетип, биздеги жаңылыктар менен кабардар киши. “Манастын уулу Семетей” тасмабызды көрүп, улуу эпос киного айланганын кубаттаганын, Кыргызстанда тасмабыз сынга кабылганына кейип, “Семетейди” тепкилөө – кыргыз маданиятын тепселөө катары түшүнгөнүн билдирди. Тасмабызды телеканалдарында көрсөтүү тууралуу маселени караштырмай болушту.
-- Дүйнөгө кеңири тараган фильмдердин автору Боздаг менен кандайча жолугуп, эмнелерди талкууладыңыздар?
-- Түрк ишкери, кинопродюсер Генжакан Тунай “Манастын уулу Семетейди” эл аралык бир катар кинокомпанияларга сунуштап, көмөктөшүп келатат. Ал киши 90-жылдарда Түркиянын жазуучулар союзун жетектеген Лютфи Шахсувароглу менен жолуктурду. Лютфи мырза “Манас” эпосундагы Манас менен Алманбеттин достугун мисал кылып, азыркы учурдагы эки дос тууралуу повесть жазганын баяндады. “Манастын уулу Семетейди” көрүп, “Манас” тасмасын биргелишеп тартууну мурдагы шакирти Мехмет Боздагга дайындады. Мехмет мырза менен анын Стамбулдун четиндеги 250 гектар жерге созулган кино тартуучу шаарчасында жолуктук. Жардамчысы Угур мырза көп өлкөлөрдүн хансарайлары салынган кино тартуучу шаарчаны баштан-аяк көрсөтүп, кинокомпаниянын ишмерлиги менен кенен тааныштырды. Мехмет Боздаг менен жолукканда, ал “Манас” эпосу тууралуу көп укканын, бирок чыгарма менен тааныш эместигин, окугусу келерин билдирди. Биз сценарий даярдалып аткандыгын, жакынкы күндөрдө таанышса болорун айтсак, абдан ынтызарлыгын билдирди. Биз “Манас” эпосу боюнча эл аралык ири кинокомпания менен эки сааттык көркөм фильм тартууну макулдашып аткандыгыбызды, алар менен 30-50 сааттык телесериалды биргелешип тартууну сунуштадык.
-- Макул болуштубу?
-- Абдан кызыгышты. Сценарийди окугандан кийин талкуулоону маулдаштык.
-- Сценарийди качан окушат?
-- Сценарийди эми берип атабыз, буюрса жакынкы күндөрү кайра жолугабыз.
-- Биргелешкен эл аралык долбоор ишке ашса, “Манасыбыз” ааламга тарап, кыргыз маданиятына олуттуу жаңылык болот эле.
-- Алар азыр Өзбекстан, Азербайжан менен биргелешкен сериал тартып атышыптыр. Болжолдуу түрдө “Манаска” ушул жылы даярдык көрүп, кийинки жылдан баштоону ылайыкташтырдык.
-- Өткөндө жаздыңыз эле, сиз “Манастын уулу Семетейди” Түркияда макулдашсаңыз, Кыргызстандагы тасманын душмандары аларга тескери пикир таратышкандарын...
-- Боздаг менен андай сынчылар тууралуу кенен талкууладык. Алар тасманы көрүп, өз бааларын беришет. Чет өлкөлүк киночуларда эч кандай тенденция жок, тасмага чыгарма катары калыс баа берилет.
-- Чет элдик кинокомпанияларга кайрылып аткандагы максатыңыз кыргыз тасмасын эл аралык аренага чыгаруу да, туурабы?
-- Көркөм тасманы да, сериалды дагы өзүбүз деле тарта алабыз. Бирок, эл аралык ири кинокомпания менен тартуу ааламдык алдыңкы тажрыйба жана тасма тартылып бүткөндөн кийин көптөгөн өлкөлөргө таралуусун камсыздайт.
-- “Эртугрул” көп өлкөлөргө тараса крек эле?
-- Жетимиштен ашык өлкөгө тарап, миллиарддаган адам көрүптүр.
-- Түрктөргө “Манас” сериалын биргелешип тартууну сунуштаптырсыз. Эки сааттык көркөм фильмди кимдер менен биргелешип тартасыздар?
-- 2015-жылы Виктор Цой катышкан “Игла” фильми менен дүң кылып, кийин Лос-Анжелеске көчүп кетип, эл аралык аренада жүргөн казак киночусу Рашид Нугманов “Манастын” сценарийин Голливудга сунуштамакчы болгон. Анда жаза алган эмесмин. Азыр да “Семетейден” улам “Нетфликс” менен кызматташып, алар “Манастын уулу Семетей” абдан мыкты кино болуптур, бирок, биздин стандартка туура келбеди” дешкен. Анан “Манастын” сценарийин караштырууну макулдашканбыз. Ошондон бери эпостун драма, ыр, роман варианттарын бүт изилдеп, Ашым Жакыпбековдун романынын негизинде сценарийди эми жазып бүтүрүп тапшырдым.
-- “Манас” кинофильминин сценарийин ошондо “Нетфликске” тапшырдыңызбы?
-- “Нетфликс”, “Голливуд”, “Амазон” баары менен сүйлөшөбүз буюрса. Кимиси менен ыңгайлуу болсо, ошонусу менен кызматташмакчыбыз. Кудай буюрса, дүйнөдөгү теңдешсиз улуу эпосубуз жалпы адамзаттык кенчке айлануусуна аракетибиз күч.
"Азия Ньюс" гезити