Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бекболот Талгарбековдун акылын, кеп-кеңешин укмайынча өнүгүүнү элестете албайбыз

Бекболот Талгарбековдун акылын, кеп-кеңешин укмайынча өнүгүүнү элестете албайбыз

09-ноябрь, 00:39
662 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Алмазбек Атамбаевдин бийлиги учурунда Бекболот Талгарбеков коомдук турмушка активдүү аралашып, оппозициялык талааны көркүнө чыгарганы эсибизде. Курч, таамай интервьюларды, билдирүүлөрдү байма-бай чагылдырып, адилеттүүлүктү кашкайта айтып турган. Анчалык айбатты агезде эч ким көрсөтө алган эмес. Акыры Бекболот Талгарбековду бийлик ак жеринен камап, террористтердин түрмөсүнө тыгып да сындыра албаганы кашкайган чындык! 

Аң-сезимдүү адам баары бир коомдук жаркын көрүнүштөрдөн четте калбайт тура. Учурда Бекболот агабыз убактылуу саясаттан четтегени менен экономика багыты боюнча докторлук диссертациясын жактоо камылгасын көрүүдө. Көп түйшүктөрү артта калып, жаңы жылга чейин жакшы саамалыкка күбө болуп калчудайбыз. Эске салсак, Бекболот Талгарбеков жаш кезинде илимден из салып, анан көп өтпөй президенттин администрациясына ишке орношуп, ошол боюнча мамлекеттик жогорку кызматтарды аркалап кеткен эмеспи. Бул жагынан кандай реформатор болгонун кайталабай эле коёлу. Губернатор, министр, вице-премьер-министр сыяктуу бир катар жогорку постторду багындырып, элибизге ийгиликтүү эмгек жасай алган. Ал эми учурда илимий айдыңга кайтып келип, пайдалуу ачылыштарды аркалап, өрнөктүү багыт алган чагы. 

Айтмакчы, өкмөттө Бекболот Талгарбековдой билимдүү, тажрыйбалуу “зубрлардын” жетишпегенинен экономикабыз өспөй, кымбатчылык кендирибизди кескени ушулбу? Акүйдөн Эдил Байсалов ач айкырык салгандай, ар дайым кадр таңкыстыгы көкөйгө көк таштай тийгени, билимдүүлөргө суусап жатышканы ачык айтылууда. Натыйжада, Бекболот Талгарбековдой таасын аксакалдардын акылын, кеп-кеңешин укмайынча өнүгүп кетүү кыйын экенин мойнубузга алабызбы? Кантсек да, турмуш реалдуулугунан качып кутулуу мүмкүн эмес го...  


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер