Байлар жана кедейлер бакытты кандай сезишет?
Бай адамдар өздөрү жөнүндө ойлонгондо көбүрөөк позитивдүү эмоцияларды сезишет. Ал эми аз камсыз болгон адамдар башкалар менен баарлашууну жакшы көрүшөт. Бул тууралуу Калифорния университетинин окумуштуулары жүргүзгөн изилдөөдө белгилүү болду.
Изилдөөгө 1519 адам катышкан. Катышуучулардын ийгилиги жөнүндө маалыматтан тышкары, изилдөөчүлөр бактылуу болгон сүйүү, кубаныч, тынчсыздануу, сыймыктануу, шыктануу, суктануу жана канааттануу учурларынан алган сезимдерин да аныкташты. Аларга “башкаларга кам көрүү кандай сезимдерди тартуулайт?” деп суроо узатышкан. Суроого кирешелүү адамдар мактаныч менен өзүнө-өзү канааттануу сезимин тартууларын айтышкан. Алар “эгер адамдар мени урматташса, мен андан көбүрөөк ырахат алам” дешкен. Ал эми аз камсыз болгон адамдар, тескерисинче, сүйүү жана жайдары көңүл тартууларын айтышкан. “Бул изилдөө акча бакыттын кепилдиги эмес экендигин, бирок, анын пайда болушу таасир эте тургандыгын көрсөттү” деп изилдөө авторлорунун бири Пол Пифф айтканын “Заман” сайты жарыялады.