Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кадыралы Конкобаев: “Колпоч баатырдын 320 жылдык чоң мааракеси белгиленгени турат”

Кадыралы Конкобаев: “Колпоч баатырдын 320 жылдык чоң мааракеси белгиленгени турат”

16-сентябрь, 21:25
775 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Белгилүү профессор Кадыралы Конкобаев агай менен 16-17-сентябрда өтө турган Колпоч баатырдын мааракеси жана эл аралык форум тууралуу маектештик.

-- Кадыралы агай, Талас жергесинде Колпоч баатырдын мааракеси белгиленгени турат. Бул тууралуу сиздин оюңуз кандай?

-- 16-17-сентябрда Талас жергесинде Колпоч баатырдын урпактарынын демилгеси менен маараке белгиленгени турат. Колпоч баатыр 1703-жылы төрөлүп, 1777-жылы көзү өткөн. XVIII кылымда кыргыз жерин калмак баскынчылардан бошоткон, элдин эркиндиги үчүн күрөшкөн баатырлардын бири. Колпоч баатыр Эр Эшимдин урпагы болуп эсептелет. Эр Эшим андан 100 жылдай мурда жашап, кыргыз-казак элин бир журт кылып асырап келсе, анын урпагы Колпоч улуу жолду улаган татыктуу урпагы болгон.

-- Форум жөнүндө да айта кетсеңиз?

-- Кыргыз-казак чыгармачылык интеллигенциясынын форумдары 2018-жылдан бери өткөрүлүп келе жатат. Бул форум 2018-жылдын 25-апрелинде Казакстандын борбору Астана шаарында башталган. Эл аралык Түрк академиясынын демилгеси менен Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленип, академия 2018-жылды “Чыңгыз Айтматов жылы” деп жарыялап, Кыргызстандан Медеткан Шеримкулов, Болот Шамшиев, Замирбек Үсөнбаев, Роза Айтматова ж.б. чоң топ катышып, улуу жазуучу даңкталган эле. Кийин бул форум Ошто, Талды-Коргондо, Бишкекте эки жолу, Түркстан облусунун Төлебий районунда, Эр Эшимдин хан ордосу жайгашкан Кашка-Суу айылында (Кудайберди бийдин олуя уулу Бекасылдын 200 жылдыгына арналып) өткөн жылы өткөрүлгөн. Былтыр форумдун алтынчысы мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов жана казак парламентинин төрагасы М.Ашимбаев мырзалардын катышуусу менен Бишкекте өткөрүлгөн. Эми буюрса, эки элдин элдик демилгесине айланып, 16-18-сентябрда Таласта өткөнү турат.

Иш-чараны уюштурууда форумду демилгелеген эл аралык Түрк академиясына, анын президенти Дархан Кыдыралиге, генерал Ержан Исакуловго, мыкты окумуштуу Акедил Тойшанга учурдан пайдаланып чоң ыраазычылык билдирем.

Эл аралык Түрк академиясы түрк дүйнөсү үчүн өзгөчө жумуштарды аткарды. Академиянын чакан, мыкты адистешкен жамааты мындан ары да түрк элдеринин биримдиги, өз ара интеграциясы үчүн алгылыктуу илимий жана уюштуруучулук иш-чаралардын уюткусу болот деген ишеним абдан жогору. Академиянынын азыркы башчысы Азербайжан илимдер академиясынын академиги Шахин Мустафаев менен орун басары Аскат Кесикбаевдин ишмердигине ийгиликтерди каалайм. Бул жолу да 7-форумду өткөрүүдө макулдуктарын беришип, иштин көптүгүнөн өздөрү катыша албаса да өкүлүн, мыкты түрколог Тимур Козыревди жиберип отурушат. Ушул жерден кошумчалап кете турган нерсе, “кыргыз-казак эли куштун эки канатындай, Ала-Тоо бөлүп турса да, кыргыз менен казакты эч ким бөлө албайт” деп Мырзатай Жолдасбеков агабыз айткандай, бизге эч ким, эч качан ажырым жасай албайт. Бир тектен жаралган элбиз. 

Казак-кыргыз зыялыларынын 7-форуму да тарыхтын кечээги эле күндөрүндө болгон эки элдин биримдигин даңазалайт. Азыркы жана келечек муундарга сабак болот. Эр Эшим, анын урпагы Колпоч баатырдын, атактуу бий Кудайбердинин урпактары кыргыз-казак зыялыларынын биримдиги болсун деп уюштурулган иш-чараны элдик демилгеге айландырып, эки элдин бир боордугун даңазалап жаткандары мени өзгөчө кубандырат. Башынан бери форумдун иш-чараларын уюштуруп жүргөндөрдүн катарында ыйык Манас атабыздын жеринде орток мурасыбызды, биримдигибизди улантууга колкабыш кылып жаткан мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовго, Колпоч баатыр бирикмесинин төрагасы Бактыбек Асымбаевге, казак боорлорубузга, жалпы Талас журтуна терең ыраазычылык билдирем.

Дагы бир белгилеп кетчү жагдай, КР тарых музейинде Барсбек кагандын азыркы Красноярский крайындагы Минусийский музейдеги таш эстеликтин оригиналынын так көчүрмөсү бар. 2011-жылы бул эстампажды атайын экспедиция менен алып келгенбиз. Музей ачыларда орнотулган бул эстампаж дагы Колпоч баатырдын мааракеси алдында символикалуу белек демекчимин.

Бактыбек Асымбаев, “Колпоч-Ата” коомдук бирикмесинин төрагасы: “Мааракеге казак боордоштордун окумуштуулары, жазуучулары да катышат”

-- Бактыбек мырза, уюштуруу иштеринин башында турган сизге көп ыраазычылыктар айтылууда. Өзүңүз “Колпоч-Ата” коомдук бирикмесинин төрагасы болосуз. Баса, сизге Колпоч туугандарыңыз бий статусун да бергени эсибизде. Өткөн жылы баатырдын эстелигин тургузуп, китебин дагы жарыкка чыгардыңыздар. Эми мааракедеги иш-чаралар тууралуу ой бөлүшсөңүз? 

-- Алгач Колпоч баатырдын урпактарынын башын кошуп, спорттук, улуттук оюндарды өткөрүү максатыбыз эле. Убакыт өтүп, мааракени өткөрүү убактысы 2023-жылга туш келип жатат. Кудай буюрса, 16-сентябрдан тарта коноктор келип баштайт. Ошол эле күнү жалпыбыздын сыймыгыбыз болгон Манас Ордого барып зыярат кылабыз. 17-сентябрда саат 10до Колпоч ата эстелигинин жанында куран окутулат. Андан соң илимий конференция башталат. Биздин мааракеге мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун катышуусу күтүлүүдө. Президенттин аппаратынан Октябрь Капалов жана Түрк академиясынын катышуусу да күтүлөт. Андан тышкары, Казакстандан бир нече санжырачы, тарыхчы, окумуштуулар келет. А жерден Эр Эшимдин урпагы Колпоч бабабызды даңазалап, жашап өткөн жолу, кылган эрдиктери боюнча жалпы маек курулат. Ал илимий конференция бүткөндөн кийин жалпы коноктор чогулуп, ат майданында көк бөрү, ат чабыш оюндарынын ачылышын кылабыз. Андан соң Талас райондук кыргыз күрөш боюнча оюндун ачылышы болот. Концерттик маданий иш-чараларыбыз алыстан келген коноктордун катышуусунда башталат. Саат 16:00дө ат оюндарынын, көк бөрү менен күрөштүн жеңүүчүлөрү сыйланып, иш-чара  маданий маанай менен уланат. 

-- Колпоч уруусу өлкөбүздүн дагы кайсы чөлкөмдөрүндө жайгашкан?

-- Биздин жалпы Эр Эшимдин урпактары 500 түтүн Казакстанда жашайт. Ысык-Көл облусунун Саруу айылында 220дай үй-бүлө жашайт. Жалал-Абад облусунда 200дөй, Токтогул районунда 200дөй, Чүй облусунда 500-600гө түтүнгө чейин Эр Эшимдин урпактары бар. Таласта Көк-Кашат, Көк-Токой, Жон-Арык, Кырк-Казык, Атай Огонбаев, Калба айылдарында жана Манас районунун Чоң-Капка айлында жашашат.

-- Маараке күнү алгач илимий конференция өткөнү турат. Казакстандан илимий даражасы бар коноктор менен мамилеңиздер кандай түзүлдү эле?

-- Интеллигенция өкүлдөрүнүн форуму менен биздин белгилүү түрколог, профессор Кадыралы Конкобаев агай аркылуу байланыш түзүлдү. Эр Эшим дастаны казакча жана кыргызча Түрк академиясы аркылуу каржыланып чыгарылып жатканы тууралуу маалымат жетип, Кадыралы агай аркылуу казак окумуштуу, жазуучулары менен байланыш түзүп, мааракеге чакырып жатабыз. 2022-жылы 16-сентябрда Чымкент шаарынын Кашка-Суу айылында Эр Эшимдин урпагы Кудайбердинин чөбөрөлөрү Бекасылдан 200 жылдык мааракесине чакыруу алып, ошондон улам байланышыбыз бекемделген. Бекасылдын неберелери коомдук ишмер, саясый илимдердин доктору Эржан Итагулов да биздин илимий конференцияга катышат. 

-- “Колпоч баатыр” китебинин жарыкка чыгышы тууралуу да азыноолак токтоло кетсеңиз?

-- Мага жаштайымдан эле атам Асымбаев Токтогул «балам, жети атаңды билип жүр» деп ата-бабаларымды атап калар эле. Атам санжырачы болбосо да уруулардын бөлүнүштөрү, Колпоч уругунун баатырлары, акындары жана атактуу адамдары жөнүндө такай айтып берчү. Атам чабан болгондуктан, көбүнчө биздин үй-бүлө тоодо болор элек. Менин китепке кызыкканымды билип, атам «Ала-Тоо» журналы менен кызыктуу тарыхый китептерди айылдык китепканадан алып келип берчү. 1992-жылы мен үй-бүлөм менен Бишкектен Таласка көчүп келдим. 2000-жылдан баштап айылдагы аксакалдардын, агаларыбыздын санжыра айткандарын угуп, китепканалардан тарыхый китептерди окуп жүрдүм. Анан аларды көрүп, “биздин Колпоч туугандар да санжырабызды изилдеп, тактап, жакындарыбызды таап, китеп кылып чыгарып, Колпоч атабызга эстелик коюп, чоң той-тамаша өткөрсөк” деп өзүмө аябай жоопкерчиликтүү чоң максат койдум.

Баяс Турал, Нурбек Туран агаларыбыздын жардамы менен Эр Эшим тууралуу маалыматты мамлекеттик деңгээлге алып чыксак, кыргыздын мыктылары, баатырлары дагы жогорку деңгээлге көтөрүлөт деп ишенем. Казактар кырк томдон турган жыйнагын чыгарып жатышат. Аларга мурунку президенти Нурсултан Назарбаев тарабынан өтө көп каражат которулган экен. Биздин мамлекет дагы тарыхты унутта калтырбай каражат бөлүп берсе, казак туугандардан кем калбай кыргыз окумуштуулары кыргыздын тарыхын алып чыгат деп ишенем. Каражат жетпесе да жеке демилгелери менен иштеп жаткандарына таазим! Мен кыргыз болгонум үчүн сыймыктанам!


“Эр Эшим тууралуу изилденип, “Колпоч баатыр” китеби жарыкка чыкты”

᠌“Колпоч баатыр” аттуу китептин бетачары Кыргыз улуттук университетинде белгиленген. Китептин жарык көрүүсүнө демилгечилер жана изилдөөгө демөөрчү болгондор баатырдын атын алып жүргөн коомдук бирикменин жетекчиси жана мүчөлөрү. Китепти жазуу демилгеси 2018-жылы көтөрүлүп, төрт жылдык эмгекти талап кылган. “Колпоч баатыр” коомдук бирикмесинин төрагасы Бактыбек Асымбаевдин айтымында, 30дай тарыхый китептин автору Нурбек Турандын Колпоч баатыр боюнча мурун эле маалыматы болгон. 

Нурбек Туран, жазуучу, тарых илимдеринин кандидаты:

-- Колпоч баатыр кыргыз элинин (Эшимхан) Эр Эшим деген баатырдын урпагы. Булар Кыргызстандын дээрлик баардык аймактарында жашашат. Бирок көпчүлүгү Талас менен Аксы өрөөндөрүндө. Колпоч баатыр Эр Эшимдин чөбөрөлөрүнөн болот. Китептин акырында “Колпоч баатыр” коому тууралуу Асынбаев Бакыттын макаласы берилген. Жогоруда айтылгандай, Эр Эшим XVII кылымдарда жашап өткөн кыргыз-казак элинин ханы. Ал биздин санжырада илгертен эле айтылып келген Көнөк баатырдын үчүнчү аялы Чолпон экөөнөн төрөлгөн жалгыз уул. Андан кийин муундар алмашып, Колпоч баатыр төрөлөт. Эгемендүүлүк алгандан бери кыргыздар өздөрүн таанып, көптөгөн унутта калган кыргыздын белгилүү инсандары, баатырлары тарых бетине жазылып келе жатат. Бишкек баатыр, Ормонханга окшогон баатырлардын юбилейлери өткөрүлүүдө. Ошолордун катарында биз дагы Колпоч баатырды изилдеп, кыргыздын актай калган барактарын толуктап жазып чыктык. Ал калмактардын доорунда төрөлүп, алар менен салгылашып, элин коргогону айтылат. Сырткы душмандар менен согушуп, калмактар жеринен куулгандан кийин биздин санжырада айтылгандай, “Бердике баатыр түштүккө Кокон хандыгына салгылашууга чакырып алып кеткен” деген маалыматтар бар. Ошондон улам Колпоч баатыр түштүк тарапта жашап калгандыгы, ал жактан үйлөнүп, ошол жерге отурукташканы дагы айтылат. 

Өзбекстанда жашап жаткан урпактарыбызга жете албай калдык. Бул китеп жазылып жатканда биздин жакшы мамилелер жок болгондуктан, ал жакка экспедиция жүргүзүлбөй калган. Бирок санжырада “Колпоч баатырдын урпактары Анжиян тарапта жашайт” деген сөз калган. Колпоч баатырдын кайсы тарапта өлгөндүгү тууралуу да кайчылаш маалыматтар бар. Бири Аксыда десе, бири Ноокен районундагы Момбеков айылына караштуу болгон эски мүрзө бар, ошол жерге көмүлгөнү айтылат. Биз изилдеп көрсөк, 1872-жылы орустун чыгыш таануучусунун “Памирди изилдеп келе жатып, Мургаб районунун сол тарабында Корумду деген дарыянын жанынан өтүп бара жатып, “Колпоч” деген мазардын жанына токтодум. Ал жакта он түтүндөй кыргыздар бар экен” деген эскерүүсүн алалы...

Баяс Турал, тарыхчы: 

-- “Колпоч баатырдын” автору отуздай тарыхый китептерди жазган. Бул таланттын да өз сыры, жолу, багыты бар жигит. Нурбек Турандын изилдөөлөрү келечекте чоң мектепти жаратат деген ойдомун. Ар бир илим эки булакка бирдей таянышы керек. Кийинки убакта оозеки изилдөөлөр чындыкка дал келип жатат. Тескерисинче, жазма булактар бурмаланып калганын көп көрүүдөбүз. Мындайча айтканда, жазма булак жеке адамдын изилдөөсү, көз карашы. Ал эми оозеки булак жамааттык болуп, башкача айтканда, мезгилдерди аралап өтүп, шылынып, өзөгү гана калган булактар болуп эсептелет экен. Мен бир эле нерсени айтайын, кыргыз эли бир атанын үч уулунан үч канат болуп тараган эл: оң канат, сол канат, ичкилик. Негизинен Валихановдун ж.б. орус тарыхчыларынын жазганы боюнча изилдесек, анын Кыргызбай деген кыргыз атадан тараганы маалым.

Эр Эшим бул Орто Азия деңгээлиндеги чоң полководец, хан. Бүтүндөй бир чоң хандыкты түзгөн. Ошо кыргыз-казакты бириктирип турган хандыктын үстүндө турган адам болгон. Ушул кишинин тарыхы, ким экендиги бүгүнкү күнгө чейин так изилденбей келет. Бир убакта Эр Эшим тууралуу маселе жаралган. Мен дагы салыштырып изилдеп, “Эр Эшим – эки элдин султаны” деген макала жазгам. Ал убакта маркум Асанбек Стамов деген жазуучубуз “казак” деп жазып чыкканда, талашып-тартышып чечмелегенбиз. Казак хандарынын тизмесинде Эр Эшим турат. Бирок бакыйган жазуучубуз казактын булагы менен “казак султаны” деп жазган. Хан Тейиш тууралуу романында да бир топ талаш-тартыш болгон. Бирок, Бишкек баатыр, Эр Эшим тууралуу катасын мойнуна алган. Ажалга айла жок тура, толук изилдеп, катасын оңдой электе көзү өтүп кетти. 

Тарых илиминде такталбаган көп маселелер бар. Автордун бир артыкчылыгы – башка тарыхчылардан айырмаланып, дал ошол оозеки булактарды жазма булактар менен кошо изилдеп, салыштырып берип жүрөт. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер