Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Гүлзат Аалиева: “Заманбап сойкулук дин менен тыгыз байланыштуу”

Гүлзат Аалиева: “Заманбап сойкулук дин менен тыгыз байланыштуу”

21-февраль, 15:09
7 859 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Гүлзат айым, Кыргызстанда акыркы мезгилде эмне көпмечитпи, сойку кыздарбы же мектеппи? Себеби эмнеде деп ойлойсуң?  

-- 1991-жылы союз кулап, эгемендикке жеткен Кыргыз Республикасы өзүн дин мамлекеттик статуска ээ эмес светтик жана демократиялуу өлкө катары жарыялаган. Ошого карабастан, 1991-жылы республикада жалпы саны 40ка жетпеген мечиттер, орус православ чиркөөсүнө таандык 25 храм болгон. 

1990-жылдардын ортосунда Кыргызстандагы мечиттердин саны миңге, 2011-жылы 2000ге (намазканаларды кошуп эсептегенде), орус православ чиркөөсүнө таандык храмдардын саны 40ка, ар кыл христиан конфессияларына таандык сыйынуу үйлөрүнүн саны 200гө жеткен. 2000-жылдардан берки көрсөткүчтөргө токтолсок, 2009-жылы 1973 мечит болсо, 2019-жылы 2669га жетиптир. 

Конституция боюнча Кыргыз Республикасы светтик мамлекет болгонуна карабастан, акыркы 29-30 жыл ичинде жалпы республика боюнча жаңы мектептерди салуу экстенсивдүү (өтө жай, дээрлик кыймылдабаган) жүргүзүлсө, мечиттер менен медреселерди куруу мурда болуп көрбөгөндөй интенсивдүү (өтө тез, ыкчам) жол менен бара жатат. Айтсак, 1991-жылдан 2019-жылга чейин өлкөдөгү мечиттердин саны 70 эсе өскөн!

Ошол эле мезгилде 2020-жылдын ноябрь айында орусиялык олуттуу басмалар постсоветтик Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен мечиттердин саны менен радикалдуу маанайдагы динчилдери көп Кыргызстан сойкулук боюнча 1-орунга чыкканын жазып чыгышты. 

-- Бул жерде момун мусулмандар жөнүндө эмес, радикалдуу маанайдагы динчилдер жөнүндө кеп болуп атат окшойт...

-- Эң парадоксалдуу нерсе: Кыргызстандагы сойкулук дин менен тыгыз байланышкан. Анткени, ыраматылык журналист Уланбек Сегизбаевдин репортажында ташка тамга баскандай көрсөтүлгөн. Баса, эгемендүү Кыргызстандын тарыхында дин менен байланышкан сойкулуктун үч жаңы түрү пайда болгон.

-- Мына сага, кызык бу жакта деңизчи?

-- Биринчиси, «секс-джихад» – кыз-келиндерди кол жоолук менен даарат кагазга айландырган убактылуу никеге негизделип, «джихад-ан-никях» деп аталган бул кубулуш 2013-жылы пайда болгон. Дал ушул жылы суннит агымындагы мусулман аялдарды өз эрки же мажбурлоо жолунда моджахед согушчандарга «джихад колуктулары» («невесты джихада») катары Сирияга жибере башташкан. Кыргызстандык далай кыз-келин жоругу жолдо калган бул кесепеттин курмандыгына айланганы жалпыга маалым. Экинчиси, «Сексуалдык садизм» (басылмалар, социалдык тармактар менен ички иштер министрлигинин маалыматтары тынбай чагылдырып жаткандай) – динчилердин арасында өз кызын, же өз карындашын боозуткандар, мечитте эркек балдарды зордуктоо, жубайын сексуалдык мүнөздөгү зөөкүрлүк менен өлтүрүү сыяктуу нерселер көбөйүп кетти. Эске салсам, улуттук улуу нарк менен тарбияланган Теңир-Тоонун тектүү элинин миңдеген жылдарга созулган карт тарыхында бачабаздык, «токол болот элем» деп көчөлөгөн уятсыздык, сексуалдык ыдык көрсөтүү сыяктуу ыплас наадандыктар эзели болгон эмес. Үчүнчүсү, «Бытовая проституция» – Кыргызстандагы миңдеген мечиттер, медреселер, диний мүнөздөгү мектепке чейинки мекемелер жана мектептер, тилекке каршы, кыргыздын мотурайган кыздарын келечекте карапайым мусулмандын көзгө басар жалгыз жубайы эмес, капчыктуунун токолу катары тарбиялап жатышат. Бул максаттарды ишке ашырууда шоу-бизнес чөйрөсүндө жүргөн, турмуштан нечен ирет чалынып, далай үй-бүлөнүн очогун өчүргөн жеңил-желпи келиндердин очок пири Умай эненин касиеттүү ак элечегин миссионердик курал катары колдонгону – кыргыз баалуулуктарына каршы жасалган тарыхый кыянаттык болуп саналат. Булар салттуу эмес динди жана анын сойкулук идеологиясын таратууда кыргыз баалуулуктарын колдонуусуна тыюу салуу керек. 

Демек, сойкулуктун өзөгү радикалдуу маанайдагы дин менен байланышкан. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер