Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Изилдөөдө экинчи ирет дартка чалдыккандарда өлүм көп кездешкен

Изилдөөдө экинчи ирет дартка чалдыккандарда өлүм көп кездешкен

21-октябрь, 21:06
689 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Окумуштуулар чычкандарды эки топко бөлүп, аларга грипп жана коронавирус инфекцияларын жуктуруп алып, изилдөө жүргүзүп көрүшкөн. Грипптин артынан эле COVID-19 менен ооруган кишинин каза болуп калуу тобокелдиги алты эсе жогору болот” деген пикирди Ливерпуль университетинин окумуштуулары айткан. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Маалыматта адистердин чычкандарга тажрыйба жасаганы баяндалган. Алар аталган жаныбарлардын биринчи тобуна коронавирус, экинчи тобуна COVID-19 жана грипп жуктуруп, сыноо жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында коронавирус жана сасык тумоо болгон чычкандардын тобунда оору беркилерге караганда оор өткөн.

"Грипп жуктурган чычкандарда коронавирус улам кайталанып, катуу кабылдап кеткен реакция жүргөн. Бул адамдардагы COVID-19дун оор түрү" деген изилдөөнүн авторлорунун бири Жеймс Стюарт. Мында биринчи топтогу (коронавирус менен эле ооругандарга) чычкандарга караганда экинчилеринде оорудан болгон өлүм алты эсеге көп кездешкен.

Окумуштуулардын жыйынтыгына караганда, организмдеги бир нече патогендер алардын атаандашына алып келип, бул адамдын саламаттыгына өзүнүн терс таасирин тийгизет.


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер