Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Асан Турсункулов: “Деги эле канча күзүм калды?”

Асан Турсункулов: “Деги эле канча күзүм калды?”

15-ноябрь, 15:43
1 492 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

12-ноябрда Гапар Айтиев атындагы сүрөт искусство музейинде белгилүү сүрөтчү Асан Турсункуловдун “Алтын уютку” аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылганы турат. Бул жерге сүрөтчүнүн “Кылым дастаны”, “Буюккан кайран жылдыздарым” аттуу сүрөт топтомдору жана толук чыгармачыл жылдарын камтыган картиналар коюлуп, “Балама осуят” китебинин ачылышы болот. 

-- Асан ага “Алтын уютку” көргөзмөңүз тууралуу өз оозуңуздан уксак?

-- “Кылым дастаны”, “Буюккан кайран жылдыздарым” толукталып коюлат. Бул жерде Аскар Салымбековдун да салымы зор. 20 жылга жакын убакытта көргөзмөмдү сактап келе жаткан меценат жалгыз Аскар Салымбеков. Экинчи залда бүтүндөй өзүмдүн чыгармачылыгым жөнүндө коюлат. Ошол чыгармачылыкта менин баардык басып өткөн жолдорум бар. Студенттик кезде кандай иштегем, андан кийинки чыгармачылык баскычтар улантылат. Ошону менен катар “Балама осуят” китебинин бетачары болот. Китепте да төрөлгөндөн өлгөнгө чейин ар кандай учурлар, тозок менен бейиштин маселелери айтылат. Жөнөкөй адамдан падышага чейин окуп, өзүнө, жашоосуна тарбия бекемдик алат. Кантип жашаш керек? Элдин эсинде кандай калыш керек? Баары ушул китепте чагылдырылат. 


“Буюккан кайран жылдыздарым”

-- Канчалаган жаркыраган таланттар, мыкты инсандарыбыз кыргыз элин өксүтүп арабыздан эрте өтүп кетишти. “Буюккан кайран жылдыздарым” сүрөттөр топтомунда ошол арабыздан эрте өтүп кеткен чыгаандарыбыздын элестери чагылдырылган. 

Канчалаган мыктыларыбыз эрте өтүп кеткенине жүрөк канайт. Жүрөк ачышат. Жакынкы эле жылдары арабыздан өтүп кеткен замандаштарыбыз, кесиптештерибиз Мелис Эшимканов, Эрнис Асек уулу, Улан Эгизбаев, Зайырбек Ажыматов, Элмирбек Иманалиев ж.б.лардын да портреттери бул сүрөт топтомун толуктайт.


“Балама осуят”


«Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат» демекчи, сыйкырга, сырга, философияга, рухий дөөлөттөргө толгон сүрөттөрү менен таанымал сүрөтчү Асан Турсункуловдун «Балама осуят» аттуу ой тамчыларынан, осуяттарынан турган китебинин ачылышы да бул көргөзмөдө орун алган. 


Ар бир күз келген сайын тереземди карайм.

Ойго батам. 

Канча күз өттү?

Канча өмүр өттү?

Өмүрүмдө эмне ишим калды?

Деги эле канча күзүм калды?

***

Эгер сиз өзүңүздүн өмүрлүк түгөйүңүздөн шек санап, «мага карата туура эмес күнөө иштерди кылып жүрөт го?» деп ойлоп алсаңыз, бул күнөө деңизинин жээгин бойлогонго барабар.

А эгер ушундай деп айтып күнөө таксаңыз, ошол адамдын канчалык күнөөсү барбы-жокпу – сиз күнөө деңизинин ортосунда калдыңыз.

Баарынан оорурагы – шек. 

Шектенүү өчөшкөндүккө жеткирет.

Өчөшкөндүк көңүл коштукка алып келет.

Эң жакын адамдардын мамилесинин жоктугу ажырашууга токтолот.

Эгерде сиз ойлогон адам сиз ойлогондой эмес, таптаза болсо, акыретте эмне дээр элеңиз?

***

Мени жана дүйнөнү өкүндүрүп турган нерсе – эки жүздүүлүк жана кошоматчылык.

Адамдардын бир тобу билип туруп, бир тобу билбей туруп мүрзөлөрдү шаарга айлантты.

Пенде бейиштин анык экенин билсе, бул жашоодо бирөө бай болгонуна, бирөө министр, бирөө падыша болгонуна сүйүнмөк эмес.

Адамдар көз менен көргөнгө гана ишенип алышкан. Ал эми сезе билүү менен жашоо аларга берилбеген нерсе.

Мен жалындап сүйлөгөн сөз чок болуп, кагаз бетине түштү. Кимде-ким ошол кагазга көз жүгүртүп окуур замат жүрөгүн жалын каптайт.

Мен өз ойлорумду жазып жүргөндө бир башкача абалда жүрдүм. Кыялдарым бир жактарга кыдырып кетип, сөлөкөтүм бул дүйнөдө араң жашап жүргөндөй болду. Көнүп калган адат менен күндөгү жумушумду жасап, досторум менен сүйлөшүп жүргөндөй боло бердим. Качан гана ойлорум кайтып келгенде, көңүлдүү же бир аз кайгырган түрдө болдум. Анткени бирде жакшы, бирде оор иштер жөнүндө ойлор келчү.

Мен дайыма түшүмдө бир кыштакты көрө берем. Ал кыштакты акылдуулар кыштагы дешет.

Бирөөнүн короосуна кирип, аялынын кандай экенин билсеңиз болот. Ал эми үйүнүн босогосун аттап жатып, ал киши аялы менен кандай жашаарын билесиз. Үйүнө кирип колуңузду жууп жатып уулуна кандай тарбия бергенин билсеңиз болот.   

Жашоонун ар бир чекитин байкап, жашоого умтулсаңыз, акылыңызга акыл кошулду дей бериңиз.


Курак

Досум үйлөнүп, ачуу басарына бара жатабыз. Келинчеги өзүнөн 17 жаш кичүү экен. Түшкөн көчкүнү тазалагыча жолдо туруп калдык. Бизден бөлөк беш-алтыдай машина бар. Тоодой болгон кардын үстүнө чыгып алышып каткырып ойноп жаткандар арбын. Аңгыча досумдун келинчеги жүрүңүз, чыгып келеличи?” деп аны ой-боюна койбой жетелеп калды. Кой, кыйналып эмне кылмак элек” жөн эле карда, келинчегинин сунушуна уруксат бербеген кыязда үн катты. Анын айтканы жаш жүрөктү ынандырбадыбы, айтор, анда мен чыгып көрүп келем деп чуркап кетти. Досум айласы куругандай бизди карап, “чыгып келбейлиби?” деп калды. Тим эле кой, мейли, бала да, чыкса чыгып келсин дедик. Досум бизди көпкө ойлуу карап турду да, артынан кошо кетти. Ошондо ойлодум, жаш курак кандай баёо. Жаман жактарын ойлобогон, ар нерсе кызык көрүнгөн курч убак тура. Карт жүрөккө анча кызык болбогон тигил жак, жаш жүрөккө кызык көрүнүп жатпайбы! Ушундан ойлоп калдым, «тең теңи менен, тезек кабы менен» деп бекер айтылбайт экен.


Пара

Ажыга барып келген молдо, имам абактагы баласын чыгара албай жүрүп, үйүмдө туруп калды. Намаз окуп отуруп ыйлап жиберээр эле. Бир нерсе бербесе чыгара албасына көзү жеттиби, айтор, тергөөчүгө акчасын сунуп калды. “Сен эле берчи, жакшы таанышың экен” деп суранганынан, эшиктин тиги жагындагы тергөөчүгө алып бергем. “Баласын чыгарып алуунун амалы да” деп ойлоп койгом.

Бир күнү жумуштан келсем, “көзүм жетпей жатат, мобуну окуп берчи?” деп калды. Пайгамбардын хадистеринен экен. Ал жерде «пара алган да, берген да тозокко түшөт» деген сөз жазылыптыр. Окудум. Уккандан кийин «аа, демек, алган да, берген да тозокко түшсө, мен колум менен берген жокмун да» деп каткырат. “Оо кокуй, анда мен тозокко түшө турган, сиз бейишке чыга турган адам экенсиз да, анда акчаны эмне ой менен алып келдиңиз?” дедим. Кийин көпкө чейин үйдө жүрүп, баласын чыгарып кетти.

Көрдүңүзбү, пенде деген кандай? Күнөөнү бирөөнүн колу менен жасап, өзү таза болгусу бар. Ушундан улам ойлодум, колубуз менен кылганды мойнубуз менен тартарыбызды унутпашыбыз керек. Жараткан баары бир таразалайт.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер