Бурул Аманова: “Тонналап алган азык-түлүк бузулуп кетти”
-- Кымбатчылык күн санап уланып барат. Абалдын өзгөрүшүнөн үмүттөнсөк болобу?
-- Бул кымбатчылык – былтыркы пандемиянын кесепети. Ал кезде баарыбызга эле башкача сезилип, өтө катуу логдаун болбоду беле. Ал күндөрдүн таасиринен али кутула албай келебиз.
Ошол тапта айыл чарбасы, фермердик чарбалар да өз убагында айдап-себүү иштерин жүргүзө албай калды. Бул көрүнүш дүйнө жүзү боюнча катталды. Анан да логдаун учурунда тамак-ашты запас кылып алуу башталды, тонналап ундар алынды, майлар, ж.б. азыктар, психологиялык жактан кыйналган эл стрессин тамак-аш менен басып жатты. Эми болсо ошол жетишсиз көлөмдө себилбей калган үрөндөр өтө чоң таасирин берип, азык-түлүк жаатында баалардын кескин көтөрүлүшүнө түздөн-түз себеп болду. Ошондогу чакан ишканалардын банкротко кабылганынын баары таасирин тийгизбей койгон жок. Тонналап алынган азык-түлүктүн канчасы бузулуп да кетти. Бул көрүнүш канча бир убакытка чейин созулат. Качан гана жетиштүү көлөмдө өндүрүш калыбына келгенде баанын аздап турукташуусу башталат. Ага убакыт талап кылынат.
Биз ошол эле дыйкандарга, айыл чарбасында эмгектенген ишкерлерге шарт түзүп, чоң колдоо көрсөтүшүбүз шарт. Жеңилдетилген кредиттерди берип, дыйкандар тараптан өндүрүлгөн азыктарды жакшы баада сатууга жардамдашуубуз зарыл. Салык төлөөдө жеңилдиктер болуусу керек.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити