Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Зайырбек Эргешов: “Президенттин мыйзамына тыюу салынган диндин өкүлдөрү гана каршы чыгып жатышат”

Зайырбек Эргешов: “Президенттин мыйзамына тыюу салынган диндин өкүлдөрү гана каршы чыгып жатышат”

17-ноябрь, 21:35
648 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы директору, диний жана этностор аралык мамилелер боюнча эксперт Зайырбек Эргешов менен маек. 

-- Зайырбек Жолчуевич, президент кечээ жакында эле дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер боюнча мыйзамга кол койду. Бул боюнча колдогондор да, каршы чыккандар да бар. Айтсаңыз, мыйзамды кимдер иштеп чыкты жана кандай максатта жазылды?

-Чынында президент кол койгон дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер боюнча жазылган мыйзам колдоого татыйт. Ал 2008-жылы 31-декбарда кабыл алынган. Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер боюнча жазылган мыйзамга толуктоолор, түзөтүүлөр кирип, анын натыйжасында жумушчу топ түзүлүп, бир нече жылдан бери аалымдар, эксперттер иштеп чыгышып, 2024-жылдын 26-декбарында үч окуудан өткөн мыйзам кабыл алынып, ага президент кол койду. 1-февралдан баштап ал мыйзам күчүнө кирет. 

Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер боюнча жазылган мыйзам мамлекеттеги дин маселелерин жөнгө салууга багытталган, учурдагы талаптарга жооп берген мыйзам деп айтсак болот. Аталган мыйзам диний чөйрөдө мамлекет тарабынан жүргүзүлгөн саясатты ишке ашыруу үчүн эл аралык жана Башмыйзамыбызга ылайык толукталып, иштелип чыкты. Башмыйзамда көрсөтүлгөн биринчи беренедеги светтүүлүктү сактоо, башкача айтканда, Башмыйзамдын тогузунчу беренесинде мамлекеттин, дин уюмдарынын аракеттери тууралуу ачык-айкын жазылган. Маселен, “Дин мамлекеттин саясатынан ажыратылган жана бир дагы дин Кыргыз Республикасында милдеттүү түрдө кабыл алынбайт. Ошондой эле жарандардын дин эркиндиги боюнча кепилдик берилет деп көрсөтүлгөн.

Мыйзам боюнча диний үгүт-насаат иштери мамлекеттик мекемелерде жайылтууга тыюу салынат деп көрсөтүлгөн. Маселенин күнгөй-тескей жагын алганда, коомчулукта дааватка тыюу салынып жатат деген түшүнбөстүктөр болууда. Бул мыйзам бир эле ислам багытында эмес, баардык дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын каттоосунан өткөн диний уюмдардын аракеттерин жөнгө салууга багытталган. Кыргызстан көп улуттуу, көп диндүү мамлекетпиз. Бул мыйзам бир эле ислам багыты эмес, христиан, будда жана башка да каттоодон өткөн диндерге да тийешелүү. 

-Ошондо эшик каккылап, дин боюнча маалымат берет элем деген баардык диндин өкүлдөрүн тартипке салган мыйзам экен да... 

-Ооба, ошондой десек да болот. Бул мыйзамдын артыкчылыгы да ошондо. Мындан ары үйлөрдүн эшигин каккылап, короолорго кирип, мамлекеттик мекемелерди аралап, бала бакчаларга чейин барып, дин боюнча үгүт насаат иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат. Ошондой эле мындан ары мамлекеттик мекемелерди жана үйлөрдү кыдырып, миссионердик аракеттерге жүргүзүүгө, тагыраагы, атайын баракчаларды жана аудио, видео материалдарды таркатууга жол берилбейт. Президент өзүнүн кайрылуусунда айткандай, буга чейин радикалдуу диний агымдар динди жамынып алышып, өздөрүнүн туура эмес үгүттөрүн жүргүзгөн учурлар да болгон. Бул мыйзам дал ушул терс көрүнүштөргө, радикалдык, экстремисттик багыттарга бөгөт коюу үчүн жазылды. Ал эми жарандардын дин тутуу эркиндиги, алардын динге болгон каалоолору, талаптары эч кандай чектелген жок. 

-Эми дааватчылар да кайсы бир эрежеге, жобого баш ийиши керекпи?

-Албетте, мындан ары даават маселеси муфтияттын даават бөлүмү иштеп чыккан жобо менен тартипке келтирилет. Тагыраагы, аларды жер-жерлердеги облустук, райондук казыятта, мечиттеги имамдар, молдокелер толук көзөмөлгө алышат. Кыскасы, бул мыйзам динди тартипке келтирет. 

-Баса, бул мыйзам диний партияларды дагы түзүүгө тыюу салабы?

-Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер боюнча жазылган мыйзам диний мүнөздөгү партияларды да түзүүгө тыюу салат. Себеби, акыркы жылдары бизде динди пайдаланып, жарандардын диний сезимдерин козгоп, аларды саясый өңүттөгү кампанияларга пайдаланган учурлар да болду. Бул нерсе Башмыйзамдагы биринчи жана тогузунчу беренедеги светтик мүнөздөгү дин мамлекеттен ажыратылган деген беренеге карама-каршы келет. Ошондуктан, диний мүнөздөгү аталыштагы партияларды түзүү дагы Конституцияга каршы келери жазылып, аталган мыйзамда толукталып, так аныктама берилди. Тагыраагы, саясатчылар саясый кампания мезгилинде динди пайдаланып, үгүт-насаат иштерин жүргүзүүгө жана диний мүнөздөгү ар кандай аракеттерди жасоого да тыюу салынды. Анткени, кандай гана маселе болбосун, саясатташканда арты чоң чыр-чатактарга алып келери баарыбызга белгилүү.

-Баса, бул мыйзам паранжы жана никаб кийгендерге дагы чектөө салдыбы?

-Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер боюнча жазылган мыйзам көп маселени камтыйт. Маселен, диний мамлекеттик органда жүргөндө, паспортко сүрөткө түшкөндө, чек арадан өткөндө бетин жаап, чүмкөнүп жүрүүгө тыюу салат. Хиджабга каршылык жок. Тагыраагы, чүмкөнүп албай, бетин ачып, жоолук салынып, узун көйнөк кийип жүрсө болот. Кыскасы, бул мыйзам президент баса белгилегендей, мамлекеттин коопсуздугу, келечеги үчүн өз учурунда кабыл алынды. Ошондой эле коомчулук тарабынан кызуу колдоого алынды. Болгону, радикалдык, тыюу салынган диндин өкүлдөрү гана каршы чыгып жатышат. Бирок, алар көпчүлүк эмес. Айтайын дегеним, элдин көпчүлүгү бул мыйзамды колдойт. Тыюу салынган, экстремисттик, кандайдыр бир саясый өңүттү көздөгөндөр элдин басымдуу бөлүгүнө таасир эте албайт. 

Мыйзам келечекте кандай мамлекет курабыз, өз иденттүүлүктү кантип аныктайбыз (?) деген маселелерге дагы оң таасирин тийгизет. Эң башкысы, өнүккөн, светтик, демократиялык-укуктук мамлекет катары Башмыйзамга каршы келбейт. Ошондой эле дин тутуу эркиндигине кепилдик берген жарандарыбыздын диний укуктарын коргогон мыйзам болуп эсептелет. 

-Кыргызстан дин тутуу боюнча эркиндик берген мамлекет да болобу?

-Албетте. Дин тутуу эркиндиги боюнча Кыргызстан КМШ өлкөлөрүндө, Борбор Азия ичинде эң либералдуу саясат жүргүзгөн мамлекет. Эркиндик бар

Бул жагынан алганда, мыйзам катуу эмес, тескерисинче, жарандардын укугун коргоп, дин мамлекет тарабынан коргоого алган жакшы мыйзам кабыл алынды.   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер