Орозайым Нарматованын жолуна түшкөн Илгиз Шаменов

Буга чейин “кемпирабадчылардын” тергөөсүнөн Орозайым Нарматованын иши өзүнчө бөлүнүп, жоопкерчиликтен оңой кутулганы коомчулукта талкуу жараткан. (Көшөгө артынан ымдашканбы?) Эми ошондой эле таризде Илгиз Шаменовго да артыкчылык берилип, соттолбой калдыбы? Бул жигит башында күпүлдөп катуу чыгып, патриоттой көрүнүп, камалып, бирок кайра бийлик менен “соодалашып” кетти окшойт. Чет өлкөгө ээн-эркин саякаттап, балык чарбасын өнүктүрүп, ишкерлигин улантууга киришкен. Эмне дейли? Негизи саясаттын жолу татаал. Бекем, чыдамкай гана уул-кыздар бул жолдо күрөшө алышат. Ал эми Орозайым Нарматова менен Илгиз Шаменов сыяктуулар блогерликте, же соода кылууда эле жүрө бергендери оң. Турмуш акыры ак-караны ылгап, ар кимди өз багытына салат тура.
"Азия Ньюс" гезити