Исмаил Матраимов фонду 5 миллион сомго алынган бет каптарды таратууда
ЖК депутаты Искендер Матраимов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирүү таратып, буга чейинки фондун убада кылган кайрымдуулук иштеринен кабар берип келет. Бул саам 5 миллион сом өлчөмүндө алынган бет каптар боюнча жазды:
“Таажы ылаӊы Кыргызстанда катталган алгачкы күндөрү эл дүрбөлөӊгө түштү. Аптекалардан тийешелүү дары-дармектер, айрыкча бет каптарды табуу кыйынга турду. Ошол маалда Исмаил Матраимов кайрымдуулук фонду элге бет кап таратуу боюнча демилгени колго алып, сатып алууну максат кылдык. Бирок, биз болжогондой бет капты дароо таба алган жокпуз. Таратуу үчүн алган бет каптар жетишсиз болгондуктан, жергиликтүү тигүү цехтерине дагы кайрылып, алардан стандартка жооп бере тургандай тигип берүү өтүнүчү менен кайрылуу кылганбыз.
Бир апта мурда, фонд Кыргызстандагы карантиндик аймактарга акысыз таратуу максатында, 5 миллион сомго жергиликтүү өндүрүштөгү медициналык маскаларды алууга сынак жарыялаган.
Жергиликтүү тигүү цехтеринен 500дөн ашык сунуштарды кабыл алып, Ош жана Бишкек шаарлардындагы эки өндүрүш тандалып алынган. Фонд жалпы суммасы 4 280 000 сомго, 240 000 маска алып, калган 720 000 сомду ИВЛ жабдыктарын сатып алууга кошуу чечимин кабыл алды.
Алып келип берүүчү төмөндөгү талаптар боюнча тандалган:
1. Сапат жана нарктын туура келиши;
2. Уруксаат иш кагаздарынын так болушу;
3. Цехтердин жайгашкан жери жана даярдоо көлөмү.
Бүгүнкү күндө, фонд Ош, Баткен жана Жалал-Абад областтарында маскаларды таратууга жетишти. Калган аймактарга таратуу 2020-жылдын 30-мартына чейин улантылат.”
Урматтоо менен И.Матраимов кайрымдуулук фондунун командасы