Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Казакстанда аза күтүү күнү башталды

Казакстанда аза күтүү күнү башталды

13-июль, 11:59
841 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

13-июль Казакстанда коронавирустан улам каза болгондорду эскерүү менен аза күтүү күнү башталды. Шартка ылайык, бүгүн баардык көңүл ачуучу программалар токтотулат.

Өлкө боюнча ишканаларда, мамлекеттик имараттарда желектер түшүрүлдү. Мамлекеттик сайттар ак-кара түскө өзгөртүлүп, саат 12:00дө жалпы өлкө боюнча бир мүнөттүк эскерүү болот.

«Каза болгондордун жакындарына көңүл айтам. Бул баарыбыз үчүн трагедия. Пандемиянын курмандыктары болгон мекендештерди эскерүү максатында 13-июль аза күтүү күнү деп жарыяланды. Ким, кайда болбосун бул күнү каза болгондорду эскерет деген ишеничтемин»,-  дейт Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев

Акыркы маалыматтарга ылайык, Казакстанда коронавирус инфекциясынан улам 375 адам көз жумду.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер