Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ректорлук кресло Канат Садыковго атасынан мурас калды беле?

Ректорлук кресло Канат Садыковго атасынан мурас калды беле?

04-март, 13:05
1 136 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жусуп Баласагын атындагы КУУнун эмгек жамааты Кыргыз Республикасынын башкы прокурору К.Т.Зулушевге, УКМК төрагасы К.К.Ташиевге  улуттук университеттеги каржылык, административдик, окуу-тарбиялык көйгөйлөр боюнча кайрылышкан. Себеби, окуу жайдын материалдык-техникалык базасы өтө начар,  окутуучулардын эмгек акысы төмөн, контракттан, арендадан жана башка булактардан түшүп жаткан акча каражаттардын кайсы жакка жумшалып жатканы белгисиз. Тендерлер кандай жол менен өткөрүлгөнү жашыруун бойдон калган. Болуп жаткан ремонттордун сапаты төмөн. А.Атамбаев дайындаган ректор Канат Садыков акча кымыргандан башка эч иш жасабай төрт жыл отурган. Эми ошол көйгөйлөрдү көтөрүп чыккан профессордук-окутуучулук курамдын өкүлдөрүнө кысым көрсөтүп, ректор Канат Садыковго кошомат кылган декандар жогоруда көрсөтүлгөн арызга кол койгон профессорлорду, доценттерди, ага окутуучуларды, окутуучуларды куугунтуктап, “арызга койгон колуңардан баш тарткыла, болбосо жумуштан айдаласыңар” деп опузалап, коркутуп тынчтык бербей жатыптыр.  

Балкондо чоңойгон ректор Канат Садыков төрт жыл улуттук университетке эч нерсе жасабай артка тартканы аз келгенсип, эми чындыкты айтып чыккан профессорлорду, доценттерди куугунтуктап, адам укугун, сөз эркиндигин тебелеп-тепсеп, өз билгенин жасай береби? Ал келген текшерүүчүлөрдүн алкымын майлап, сатып алып, жолуна салып коёт экен... Көрсө, анын эч кимди тоготпой жатканынын  сыры ушунда турбайбы!  Ректор Канат Садыков ушундай  коррупциялык  жол менен улуттук университетти “башкаруусун” уланта берет окшойт...  Деги,  бул мамлекетте ага чара көрө турган укук коргоо мекемеси барбы, же ал башпрокурор Курманкул Зулушевди, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди да сатып алып, көнүп калган   коррупциялык иштерин улантып, атасынан калгандай улуттук  университеттин ректору кызматынын креслосуна жабышып, тырмышып, түшпөс хан болуп отура береби? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер