Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Атамбаевди “6-палатага” эмес, резиденциядагы үй камагына чыгарганы калыштыбы?

Атамбаевди “6-палатага” эмес, резиденциядагы үй камагына чыгарганы калыштыбы?

24-октябрь, 01:37
2 743 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Башта Алмазбек Атамбаевдин психикалык саламаттыгынан шек санагандай маалыматтар чыга калчу эмес беле? Камалгандан кийин айрым билермандар ошол жагын текшертмекчи болушуп, аракет кылып көрүшкөнбү, айтор, андай пландар ишке ашпаганы каңкууланды. Эски лакапка айланган “6-палатага” жаткыза албай коюшканбы?.. Ал эми Атамбаев эч бир күнөөсүн моюнуна албай, тергөөдө да жооп бербей, атургай соттук процесстерге да келүүдөн баш тартууда. Эгерде күчкө салуу менен алпара турган болушса, анда эле ачкачылык кармоо менен саясый тобокелчиликке бара турганын билдирген. Мындай жагдайда эл аралык коомчулук да карап турат эмеспи. Эмне кылыш керек? Айрым аксакалдар президент Сооронбай Жээнбековдон суранышып, Алмазбек Атамбаевди үй камагына чыгарууга киришкени айтылууда. Балким, чатак катуу ырбай электе тил табышуу болобу? Эгерде Атамбаев түрмөдө өлүп калса аягы кандай болотДал ушундай баш катырмаларды ойлогучу мыйзамдын миң кырлуу изине салуу менен резиденциядагы үйүнө чыгарып койсо, ал жерге деле “түрмө” сыяктуу ашыкча киши кире албайт эмеспи... Айтор, жаңы жылга чейин ушул жагы ишке ашканы калды окшойт...

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер