Акыркы кабарлар
» Коом » Акбөкөн Таштанбеков, ЖК депутаты: “Кытай менен визасыз режим бизге аябай керек”
Акбөкөн Таштанбеков, ЖК депутаты: “Кытай менен визасыз режим бизге аябай керек”
17-май, 20:28

-- Акбөкөн Дукенович, акыркы кездерде Кытай менен визасыз режим киргизүү боюнча маселе көтөрүлүп жатат. Эгер ошондой режим кирип калса, ал канчалык туура чечим болот?
-- Өзбекстан менен Казакстанга окшоп визасыз режим киргизбесек, көйгөй аябай күчөйт. Себеби, алар визасыз эле кирип, товар алып келип, а биздикилер бара албай калып атпайбы. Биринчи кезекте “Дордой” менен “Кара-Суу” базарлары “өлөт”. Ошон үчүн жок дегенде биздин айдоочуларыбыз Үрүмчүгө кирип чыга тургандай кылсак болот эле, товар бир топ арзан келмек. Кытай менен визасыз режим аябай керек. Экономика үчүн зарыл. Европаны карабайсыңарбы, эч кандай виза жок бир өлкөнүн жарандары экинчи өлкөгө кирип-чыгып эле жүрүшөт.
-- А коопсуздук жагычы?
-- Араб өлкөлөрүн карабайсыңарбы, өздөрү 20-30 пайыз эле, калган калкынын баары келгендер. Натыйжада кумдуу жерлерге не деген шаарлар өсүп чыкты?! Аларга салыштырмалуу биз бейиште жашайбыз да. Ошон үчүн визасыз режим керек. Ошол эле Кытайдан туристтер келсе, эмне деген акчалар келет эле?! Чек аралар ачылышы керек. Түркияны карайлы, канча мамлекеттен туристтер келет, өнүгүп эле жатпайбы. Анан коркуп эле отура бергенде болбойт да..."Азия Ньюс" гезити