Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Турсунбек Акун: “Өлкөгө миллиондогон зыян келтирген Бабановдун орду түрмөдө”

Турсунбек Акун: “Өлкөгө миллиондогон зыян келтирген Бабановдун орду түрмөдө”

13-ноябрь, 02:35
5 240 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Турсунбек мырза, Өмүрбек Бабановдун “президенттик шайлоодо Садыр Жапаровду колдоп, ат салышпайм” дегени жигитчиликпи же аргасыздыкпы?

-- Өмүрбек Бабанов “президенттик шайлоодо талапкерлигимди койбойм,  Садыр Жапаровду сүрөйм” дептир. Мен анын бул кадамын жигитчилик же башка мааниде мактай албайм. Анткени, ал кандай амал кылса да, чыныгы жүзүн элдин баары билет. Ошондуктан анын бул аракетин жигитчилик катары баалабайм, аргасыздык катары түшүнөм. 

-- Коомчулукта президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун   Өмүрбек Бабанов менен мамилеси бекемделгенине санааркагандар пайда боло баштады. Бабанов иш жүзүндө Жапаровду сызга отургузуп кетиши мүмкүнбү?

-- Садыр Жапаров мамлекет башчынын милдетин аткарган премьер жана түрмөдө бир топ жыл негизсиз камалып, саясый куугунтук көргөн адам катары ким менен мамиле түзүүнү же түзбөөнү азыр тактап алышы керек. Айрыкча 8 кылмыш иши козголуп, өлкөдөн качып, “качкын” атка конгон, ар бир келген жетекчи менен амалкөйлүк кылып, жолун таап мамиле түзүүгө жөндөмдүү адамдан сак болушу керек. 

Бабанов улуттар аралык жаңжалды күчөткөн, мамлекетке оор өлчөмдө зыян келтирген, бирөөнүн менчигине кол салган, рейдерлик аракеттерди көргөн, алдамчылык кылган жана башка ушул сыяктуу кылмыштарга шектелип жатканы жалпы журтка белгилүү. Ал тергөөдөн качып, бир жылдан ашык убакыттан бери башка өлкөдө жашырынып жүрдү. Акыры амалкөйлүк менен өлкөдөгү оор абалды пайдаланып, кайтып келип, саясый кутумдарды уюштурууга аракет кылып жүрөт. Ал октябрь окуяларынан пайдаланып, көп жылга соттолгон Атамбаев менен биригип, бийликти басып алууга аракеттенди. Бирок, эл, жаштар анын ким экендигин билгенден кийин кабыл албай, аянттан кууп чыгышты.

Эми артында толгон калбырлары бар экендигине байланыштуу Садыр Жапаровго келип шыйпаңдап, баягы эле амалкөйлүгүн карматып, "шайлоодо жардам берем" деген шылтоо айтып, эптеп кылмыш ишинен кутулуп алуунун жолун издеп жатат. Садыр Нургожоевич ким менен байланышат, ким менен мамиле түзөт, аны өзү чечет. Мен кийлигишким келбейт. Бирок иш козголуп, кылмышка шектүү адамдар менен байланышканы анын аброюна кандайдыр бир көлөкөсүн тийгизерин унутпашы керек. Өмүрбек Бабанов Аскар Акаевдин убагында анын уулу Айдар Акаев, Курманбек Бакиевдин учурунда анын уулу Максим Бакиев менен байланышып, өзүнүн шектүү бизнесин өркүндөткөн. Өлкөгө каражат жагынан миллиондогон зыяндарды алып келген. Алмазбек Атамбаев менен байланышып, ал экөө мамлекетти отургузуп, ушул абалга жеткиришти.  Сооронбай Жээнбеков гана Бабанов менен байланышпай, анын ким экендигин түшүнүп, тергөө менен алек кылды. Бирок ал киши да Бабановду, тилекке каршы,   камата алган жок. Орду түрмөдө болчу. Бабанов түрдүү амалдар менен камалбай калып жатты.

-- Балким, ал “Садыр Жапаровго колдоо көрсөтөм” деген түр көрсөтүп, премьер-министрлик кызматты кыялданып жаткандыр? 

-- Өмүрбек Бабанов амалдуу, өз кызыкчылыгын баарынан жогору койгон адам. Мүмкүн бир кызматты болжоп, Садыр Нургожоевичке колдоо көрсөткөндөй түр көрсөтүп жаткандыр. Ошондой болсо да элдик көтөрүлүш болуп, жаңы заман келгенден кийин Бабанов сыяктуу кылмышка шектелип, өлкөгө чоң зыян алып келген адамдарга катуу күрөш жүрүшү керек. Ошондо гана элдин тилеги орундалат. Жаңы бийликке болгон үмүт жанданат.

-- Садыр Жапаров Өмүрбек Бабановдун жардамысыз эле ийгиликке жетерине ишенесизби??

-- Албетте, Садыр Жапаров Кудай буюрса, Бабановдун жардамысыз эле президент болору азыртадан эле билинип калды. Садыр Жапаровдун бийликке келишин каалагандар 5-6-октябрда эле лидер катары шайлап алышкан. Ошондуктан депутаттар премьер катары бекитүүгө аргасыз болушту. Эми түндүк-түштүк дебей, жалпы элибиз аны президент кылып шайлап аларына ишеним чоң.  Ошондуктан Садыр мырзаны Бабанов сыяктуу шектүү адамдардан алыс болуп, карапайым жана дили таза элибизге гана таянышын каалар элем. 

Азыр Садыр Жапаровдун мойнунда элдин эбегейсиз оор жүгү тургандыгын унутпашыбыз керек. Ошондуктан ушул маекти берүүгө мажбур болдум.


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер