Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эмил Жамгырчиев, ЖК депутаты: “Мырзабек Жыпаркуловдун саякаттагандан башка иши жок экен”

Эмил Жамгырчиев, ЖК депутаты: “Мырзабек Жыпаркуловдун саякаттагандан башка иши жок экен”

05-июнь, 10:56
427 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Эмил Эрикович, бая күнү комитеттин отурумунда мамкурулуш агенттигиндеги коррупцияга каршы күрөшүү боюнча маалыматты укканда, Мырзабек Жыпаркулов экөөңүздөр бир аз кер-мур айтыша кеттиңиздер. Анын маалыматы сиздин купулуңузга эмнеси менен толбой калды?

-- Мамкурулуштун жетекчиси келип, бизге өзүнүн маалыматын берди. Көбүнчө өзүнүн кол астында иштегендерге карата козголгон кылмыш иштери боюнча гана маалымат берип, алардын кармалышын өзүнүн жетишкендиги катары көрсөтүп жатат. Ал укук коргоо органдарынын эмгеги да. “Биргеликте” дейт. Биргеликте болбойт эч качан. “Карга карганын көзүн чукубайт” деп коёт. Укук коргоо органдары тапкан нерсени “биз таптык” деп айткандан алыс болуш керек. Ошон үчүн өтө чоң сын пикирге кабылды. “530 кылмыш иши козголду” деген бул өтө чоң нерсе. Эмне үчүн ошол бойдон токтоп калбай, үстү-үстүнө кошулуп эле жатат? Демек, коррупциялык элементтерди жоюу багытында реформалар жок. Мырзабек Жыпаркуловдун иштегенине жырым жылдай болуп калыптыр, саякаттап, ар кайсы мамлекеттерде жүргөндөн башка толук кандуу иш-чарасын айта алган жок. Ошон үчүн сынга кабылды.

-- Ошол эле комитеттин отурумунда сиз уурулардын өзүн гана эмес, жакын туугандарын да жазалоону сунуш кылдыңыз. Бул өтө эле радикалдуу билдирүү эмеспи?

-- Жок, радикалдуу эмес. Коомду коом тарбиялайт. Ууру мамлекеттик кызматта иштебесе, ишкерлик менен алек болбосо, анын кылган иши – уурулук. Аны камап, айталы, он миң сом айып пул салып койсок, ал акчаны бирөөдөн карыз алып, убактылуу өзүнүн маселесин чечет. Бирок, кайра кутулуш керек да. Ал иштебесе, кантип кутулат? Барып, кайра эле уурдайт. Ошол себептен, аны жазалаш үчүн жакындарын да тарбиялоого тартыш керек. Бул “аларды да кошо жазалоо” дегенди түшүндүрбөйт. “Жакындары, туугандары да мамлекетке жардам бериши керек” деген гана пикирди айттым. Уурулук кылдыбы, жакындары барбы, ошолордун да башы оорушу керек да. Өз билгенин кала берсин деген кайдыгер мамиле кылбаш керек. Анткени, коомдо жашап атпайбы. Ал кошуналарына да зыян келтирип коюшу мүмкүн. Ошон үчүн бир эле укук коргоо органдары эмес, жалпы коом жардам берүүгө тийиш. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер