Жаңы талап: 2023-жылдан тарта ар бир окуучу кыргызча эркин сүйлөшү шарт


2023-жылдан тарта орус, өзбек жана тажик тилдүү ар кайсы улуттун окуучулары мектептин бүтүрүүчүсү кыргыз тилинде эркин сүйлөп чыгышы керек.
Окуучулардын эркин сүйлөшү үчүн мугалимдерди окутуу иштери башталды.
Окутуу орус, өзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн республиканын бардык аймактарындагы мектептердин 870 мугалими жогорку класстарда тилди окутуунун коммуникативдик методикасынын негиздерин өздөштүрүп жатат.
Орто билимди башка тилде берген мектептин бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик тилди В1 деңгээлинен төмөн эмес билүүсү керек. Бул окуучу кыргыз тилинде сүйлөп, жазып, окуп, оюн кеңири түшүндүрүп, кыскача кат жаза алат дегенди билдирет.
Мындан сырткары, мугалимдер окуучуларды илимий тексттерди угууга жана түшүнүүгө, маалымат издөөгө, илимий стилде жазууну үйрөнүүгө, сабактарда презентацияларды жасоого үйрөтүшү зарыл.