Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Арстан Алай каза болгондо акаарат келтиргендер – коомдогу коркунучтуу адамдар!

Арстан Алай каза болгондо акаарат келтиргендер – коомдогу коркунучтуу адамдар!

13-январь, 21:56
817 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Иралды Арстан Алайдын көптөгөн адамдарга, коомчулукка жардамы тийгенин өлгөндөн кийин билдик. Ал дайыма башкача ойлонгону, жаратмандыгы менен өзгөчөлөнүп келиптир. Эл арасындагы аң-сезимдүү калың катмар, туура ой жүгүрткөн адамдар кейип-кепчип жатышты.

Тилекке каршы, коомдук ишмер Арстан Алай абактан каза тапканда, караңгы, радикалдуу диний катмардын өкүлдөрү табалашып, жаназа окулбашы керектигине чейин айтышты. Маймылдай болуп ырсаңдаган молдоке сөрөйдү да көрдүк. Туура динден терең кабары жок, билимсиз, көрпенделер көп экен. Кыргызчылык болобу, же жалпы адамгерчилик сапаттардан алабызбы, өлгөн адамга акаарат келтирүү, шылдыңдоо, кандайдыр бир тескери сөздөр айтылбайт. Ал эми бүгүнкү биздин коомдун кайсы бир бөлүгүн алсак, диндин радикалдуу, ашынган бир багыттарына өтүп алышып, “билген намаздарын окуп жатышат”. Мамлекет тарабынан буларды тескөө, иликтөө, тергөө иштери болушу керек. Артка кеткен, “кара дүйнө” сымал чөйрөдө жашагандар арбый берсе, эртең мамлекеттүүлүктүн келечегине балта чабылбайбы? Агартуу, тазалоо иштери азыр жүрбөсө, жаркын келечегибизди элестетүү кыйын!

Ток этерине келсек, Арстан Алай абактан өзү асынып алышына коомчулук ишенген деле жок. Көптөгөн шектер айтылып, жазылууда... Маркумдун жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун! Жакшы адам эле... 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер