Алдамчылыкка айыпталган “Рыжий Марат” Акүйдү курса, куттун кеткени...
Жаңы салына турган Акүйдү “Рыжий Марат” каймана атындагы Турсунбеков салары эл арасына бүлүк түшүргөн. Ал боюнча тирукмуш кептер чекесинен чубады. “Караларга” байланышы, алдамчы катары сыпатталганы эмнеси? Бийлик өткөн чагын текшертип койсо не? Бизге жеткен маалыматка караганда, “Рыжий Маратка” 2020-жылы Бишкек ШИИБнин тергөө башкармалыгы тарабынан “Алдамчылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголгонбу? Таанышынын коттеджин сатып ийип, акчасын бербей качканбы? Камалып кетерде ортодон таасирдүү чиновник аралашып, “көз жумду” кылганы каңкууланды. Кызыгы, коттедждин акчасын ушул күнгө чейин толук бербей, чоюп келгени эмнени билдирет? “Таанышың барда танкасың” дегендей, “Рыжий Марат” качанкыга чейин кутурат экен? Акүйдү алдамчылыкка айыпталган адам салса, анда куттун кете баштаганы ушулбу?..
"Азия Ньюс" гезити