Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мавлян Аскарбеков, оппозиционер: “Бизге Кытайдын компаниялары келүүдө, эртеңки келечегибиз белгисиз...”

Мавлян Аскарбеков, оппозиционер: “Бизге Кытайдын компаниялары келүүдө, эртеңки келечегибиз белгисиз...”

29-октябрь, 08:00
494 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- “Жердин баарын чет элдик инвесторлорго, кытайларга берип салышты. Кыргызга бирдеме калабы?” деген маселе соцтармакта көп жазыла баштады. Мамлекеттин келечеги үчүн чет элдик инвесторлор кооптуубу?

-Негизи инвесторлор кытайлык, европалык, орусиялык, же казак, өзбек болуп бөлүнбөйт. Эгер ал мамлекетте мыйзам баарына бирдей иштесе жана жергиликтүү элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы корголсо. Тилекке каршы, бүгүн биздин мамлекетте кытай ишкерлеринен башка эч ким келбей жатат. Аларды инвестор деп айткандан да алысмын, себеби, алар ишкер эле. Ошон үчүн инвестор дебей эле ишкер катары тергейли

Биздин бүгүнкү экономикалык абалды, мыйзам жаатындагы абалды эске алганда, Кыргызстанга реалдуу, мыйзам чегинде иштеген бир дагы инвестор келгенин көргөн жокмун. Ошондуктан, кытайлык ишкерлер келип, акчаларын салып, үйлөрдү куруп жатышат. “Ошол ат майданы жана 47 колониянын ордуна салынган үйлөрдүн баары борбордун шартына, инфраструктуралык жана урбанистикалык талаптарга жооп береби? Миңдеген квартиралар түшкөн жерде социалдык объектилер камтылганбы? Мектеп, бала бакча курулганбы? Унаа токтотуучу жайы барбы?” деген көйгөйлүү суроолор турат. Себеби, анча көп квартира курулган жерге сөзсүз бала бакча, жок эле дегенде эки мектеп курулушу керек. Антпесе, батирлерди куруп, элге сатып жибергенден кийин инфраструктурага жана социалдык объектилерге укмуштуудай күч келип, аябагандай чоң ыңгайсыздык жаралат. 

-- Кыргызстанга инвесторбуз деп келгендердин да кызыкчылыгы эске алынып, жылуу климат түзүлдүбү?

-- Инвесторлорго биздин мамлекеттин мыйзамын сыйлай турган жана алардын да укугу корголо турган шарт түзүлүшү керек эле. Тилекке каршы, мына ошондой шарт жок болууда. Ал эми ички инвесторлорго да колдоо болгондо, кытай ишкерлери куруп жаткан үйлөрдү биздикилер деле салмак. Эмнегедир өзүбүздүн куруучу компаниялардын мындан ары иштеп кетишине шарт түзүп, аларга мүмкүнчүлүк берилген жок. Көп фирмалар жабылды. Тилекке каршы, курулушчу компаниялардын башчыларынын көбү камалып, иштерин токтотууга аргасыз болушту. Казакстан менен Өзбекстанга чыгып кетишти. Алардын ордуна Кытайдын компаниялары келүүдө. Эртеңки келечегибиз кандай болору белгисиз...   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер