Коронавирус апаатына кабылган өлкөлөрдүн саны арбып баратат
Түштүк Кореяда коронавиусту жуктуруп алгандар 800 адамга жакындап, өлгөндөрдүн саны 7 кишиге жетсе, Италияда тумоологондор 150, каза тапкандар 3, Кытайда ооруну жуктургандар 78 миңге чукулдап, көз жумгандар 2 500дү чапчыптыр. Учурда бул апаат дүйнө коомчулугун коркунучка кабылтып турган чагы.
Ошондой эле 24-февралга карата, коронавирусту жугузуп алгандар Ооганстанда, Бахрейнде жана Кувейтте катталды. Ал кишилердин баары Иранга барып келгени маалым болду. Учурда оорудан өлгөндөрдүн саны боюнча Иран экинчи орунда турат. Аталган өлкөдө вирусту 50дөй киши жугузуп, анын ичинен 12си каза тапканы кабарланды.
Эң өкүнүчтүүсү, коронавирус жарды өлкөлөргө жайылса, сактануу жагы кыйын болору алдыртан айтылууда. Коңшу Кытай, ж.б. дартка чалдыккан мамлекеттерден кирип-чыгуудан өтө сактанууга мезгил келди.
Aryba.kg