Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Азыркы каржы-экономикалык саясат менен кете берсек, өлкөбүз чоң кризиске такалат”

“Азыркы каржы-экономикалык саясат менен кете берсек, өлкөбүз чоң кризиске такалат”

14-январь, 20:52
2 363 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Акылбек Жапаров өкмөттөн кеткенден кийин экономикалык абал оорлошору айтылууда. Буга кандай негиздер бар? 

Эрнест Карыбеков, эксперт:

-- Акылбек Жапаров кетпесе деле экономикалык абал оорлошуп келаткан, акыры чоң структуралык кризиске такалат. Мен реалдуу экономика жөнүндө айтып атам. Мамлекеттик активдердин баасын кымбаттатып, дээрлик мүлктөрдү, улуттук активдерди четинен сатып, салыктын санын көбөйтүп, тарифтерди жогорулатып, көмүскө каражатты ачыкка чыгарып, коррупционерлерди “кустуртуп” эле экономиканы көтөрөбүз деген бул – абсурд. Айрыкча Кыргызстан 80%дан ашык импортко көз карандыбул система менен көз карандылык өсө берет. Классикалык экономикалык теория боюнча өлкөнүн өнүктүрүү үчүн товарды өзүбүз чыгарып, кошумча баа берүүбүз шарт. Өндүрүштү көбөйтүп, товар конкуренттүү болуш үчүн экономикага арзан электр энергия берүү зарыл. Анан албетте, жетиштүү каражат тартыш керек. 

Эми азыркы жүргүзүлүп жаткан экономика саясатын эске алып, жыйынтык чыгарсак, экономиканын өсүшүнө биринчиден каражат жетишсиз. Ири долбоорлорго акча жетпейт, жалаң эле майда курулуштарга же майда-чүйдө сатып алганга эле коройт. Өндүрүшкө каражат жок. Экинчиден, арзан электр энергия чыгара турган салттуу станцияларды курбай (мисалы, Кара-Кече жылуулук электр станциясы 1 сомдон электр энергия чыгарат), кымбат (бир кВт/сааты 4,42 сомдон) туруктуу эмес электр энергия чыгарган бирөөнүн "жашыл" таштандыларын куруп, коопсуздугубузду сактай албайбыз. Министрлер кабинетинин тизмесиндеги электр кубаттуулугун чыгарган долбоорлорго жакынкы 15 жылда электр дефицити табылбайт. Демек, өндүрүш өспөй, кошумча баа пайда болбой, экономика өнүкпөйт. Айрыкча глобалдык каржы-экономикалык саясаттагы өзгөрүүлөрдү эске алсак, АКШ жана Батыш дүйнөсүнүн экономикасына көз жумуп, өзүбүздүн өнүгүүгө карата багытыбызды сактап калуу зарыл. Эч ким бизди бакпайт. 2025-жыл баарын ордуна коёт. Азыркы каржы-экономикалык саясат менен кете берсек, өлкөбүз чоң кризиске такалат. Элдин жашоосу өтө оорлошот. Ошондуктан тез арада өзүбүздүн каржы-экономикалык моделибизге өтүшүбүз керек. Антпесек өлкөнүн коопсуздугу кооптуу.

Мавлян Аскарбеков, оппозиционер:  

-- Акылбек Жапаров эскиче ой жүгүрткөн, конъюнктурага ылайыкташууну мыкты өздөштүргөн киши. Буга чейин экономика, финансы министри болуп, анан өкмөт башына келди. Келгенден кеткенче элди салыктын түрлөрү, айып пулдар, кошумча төлөмдөр, тарифтердин көтөрүлүшү, жеке ишкерлерди текшерүү, уламдан-улам кустуруу, тартып алуу, жер-жерлерде митинг, нааразычылык менен коштолду. Жапаров эркин базар экономикасынын негиздерине жеке ишкерликке доо кетирди, анын кесепетин кийинки жылдары ачык көрөбүз. Энергетикалык, азык-түлүк, транспорттук көз карандылыкты күчөттү. Кыргызстандын суу камсыздоо стратегиялык артыкчылыгын жокко чыгарды. Казынанын, ИДПнын, каражаттардын көрсөткүчтөрүн шамдагайлык менен калчоо (мастерски жонглирование) кылып жүргөнүн эл, президент эми түшүнө башташты. Менин сөздөрүмдүн аргументтүүлүгүн бүгүн президент салык жаатында бир топ өзгөрүүлөргө кол коюшу менен тастыктап жатат.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер