Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Азат Равшан: “Бизде эркин ойлонгон, позициясы бар адамдар дайыма куугунтукталат”

Азат Равшан: “Бизде эркин ойлонгон, позициясы бар адамдар дайыма куугунтукталат”

17-апрель, 21:30
438 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Азат мырза, бир топ жылдан бери силердин үй-бүлөгө саясый куугунтуктар токтобой келет. Мунун түйүнү эмнеде?

-- Акыркы убактарда биздин үй-бүлөбүзгө, жакындарыбызга, биз менен иштешкен адамдарга куугунтук аябай көбөйүп кетти. Мен муну мындай деп түшүнөт элем, эркин ойчул адам – авторитардык система үчүн коркунучтуу сезилет. Анткени бизде эркин ойлонгон, көз карандысыз позициясы болгон адамдарды дайым кысымга алышат.

Мисалы, менин атамдын саясый аракеттери, телеканалдын эркин позициясы азыркы бийликке жакпайт. Буга чейинки бийликке келгендер да чыныгы демократиялык баалуулуктарды, эркин ойлонгон адамдарды куугунтуктап, үй-бүлөсүнө чейин киришип, чектен чыгып басмырлап келишти. Акыркы убактарда жарандык коомго куугунтуктар көп башталды. Адвокаттарга, медиаларга, саясатчыларга, алардын үй-бүлөлөрүнө. Канчалык авторитардык система күчкө кирген сайын, ошончолук эркин ойлонгон адамдарга басым жасала берет. Мындай кысымдар биринчи жолу болуп жаткан жок. Өзүңүздөр билгендей, атам жыйырма жылдай убакыттан бери саясатта болсо, чоң атам да саясатта болуп, Курманбек Бакиевдин убагында куугунтукталган. Ар дайым авторитардык режимдеги президенттер келген сайын куугунтукталып келебиз. Бирок бул биз үчүн кыйынчылык эмес. Эң негизгиси, өзүбүздүн баалуулуктарыбызды сактап, Кыргызстан келечекте өнүккөн мамлекет болсун десек, Конституция берген укуктарыбызды колдонуп, өз пикирибизди эркин айтып турушубуз керек. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер