Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Манас” деп ураан чакырган устат

“Манас” деп ураан чакырган устат

12-июнь, 09:00
569 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыз адабиятына, маданиятына зор салымын кошуп келаткан КР эл жазуучусу, “Манас Эл” кыймылынын төрагасы, акын, прозаик Асан Жакшылыков агайбыз жөнүндө учкай кеп салгым келди. Учкай дегеним, агайдын эл-жерине кылган ат көтөргүс эмгегин күндөп-түндөп айтсаң да бир чекеси оюлбас. Асан Жакшылыков деген ысымды мен бала күнүмдөн тааныйм. Караңгыда күйгөн шам чырактай жанган ырларын окуп чоңойгонбуз. 

Бир топ убактан бери агай жетектеген “Элдик китепкана” бирикмесине мүчө болуп кирип, бул аралыкта агайды жакындан таанып, жанында бирге жүрүп калдык. Жадыңа жазып ала тургандай ар бир сүйлөгөн сөзү нарктуу, баскан-турганы үлгү болду бизге. Кептин кемелтесин келтире сүйлөйт. Даярданабы десем, жок, даярданбайт экен. Эргип, "Манас" айтып жаткан сыяктуу агылып, төгүлүп турат. Буга биринчиден, жаратылышынан келген акыл-көрөңгө, тубаса даанышмандык, анан окумалдык, көрө билүүчүлүк, анан албетте, том-том китеп жазып жаткандагы күн тыным, түн уйку көрбөй эмгек эткени. Жүрөктө эмне болсо, ооздон ошо чыгат эмеспи.

“Элдин «Билеги күчтүү бирди, билими күчтүү миңди жыгат» деген чакан, бирок эл үчүн улуттук идеологияга айланчу кубаттуу сөзүн көңүлгө түйүп, адал иш кылууну максат тутпасак, кантип жолубуз болсун? Канткенде билими күчтүү, өнүккөн мамлекетке айланабыз? Жан сакташ үчүн азык-түлүк тамак-аш, транспорт иштеп туруш үчүн бензин күн сайын керек. Ошондой эле мааниде жалпы элдин дайыма акыл-эс деңгээли үчүн китеп, китепкана системасы дал ошол тамак-аштай, нефтидей эле керек. Китепке, китеп окуганга көңүл буралы! Ар бир күнү акыл-эстүү болгонго умтулалы” дейт Асан агай. “Мындан ары эмне кылабыз? Кандай иш-чараларды өткөрсөк, элибизге, журтубузга пайда келтиребиз?” деген сыяктуу маселелер менен тез-тез эле чогулуп турабыз.

Кээде дасторкон жайылган даам үстүндө жыйналабыз. Ошондо да агай бизге  “дасторкон четинде улуулата отуруп жүргүлө. Оң, сол тарап деген болот, аялзатынын орду, мырзалардан орду бар” деп нарктуу кептерин ортого салат. Шадыраңдап келип эле отуруп калгандан тартынып калат экенсиң андайда.

“Китеп окуйлу. Элди китеп окуганга үндөйлү. Байлык, акча деп адамдар Кудайды да тааныбай калыш бат эле. "Акча – Кудай" деген адамдар бар. Баары сатылып калды. Руханий хаос. Бул абалдан жеке адам эле эмес бүткүл адамзат чыга албай келет. Суу ташкындар, жер титирөөлөр, куюндар болуп жатат. Табигат да бизге наараазы. Жүрөгүбүздү тазалайлы! Ой-тилегибизди оңдойлучу” дейт дагы нускалуу кебин төгүп.

Андан кийин “Үч муундун үч акыны” деп жаш акындарды, белгилүү калемгерлерди чакырып, окурмандар менен биргеликте музыкалык чыгармачылык кечелереди өткөрүп келет. Күнүмдүк турмуштун көртирлигин, өйдө-ылдыйын алыс ыргытып, дуу-дуу алакан чаап, жакшы кептерге кулак курчу канып, көңүл майрамына күбө болушат келгендер. Көпкө тарай албай турабыз. Тарагандан кийин да экиден-үчтөн чайканалап, кафелеп кетебиз. Көңүл майрамы андан ары улантылат...

Дагы бир таңкалганым, Манастап ураан чакырылып, элдик эпосторубуз кадимкидей жанданып калганын он жыл аралыгында кадимкидей байкалды эле. Кимдер аракеттенип жатса да азаматтар экен деп койчумун ичимден. Көрсө, “Урааным – Манас! Улутум, улуу элим кыргыз” деп эмгектенип жаткандардын анабашында Асан Жакшылыков деген ысым бар экен. 

Жаштарыбыз "Манас" айтканга кадимкидей бурулду. Агайдын "Манас"-Семетей"-Сейтек" үчилтиги боюнча 300дөн ашык радио материалы алтын фондго жазылганы не деген чоң эмгек! Ушундай мыкты адамдарбыз бар үчүн дүйнөгө жакшы жагыбыз менен таанылып жатабыз. Агай Дүйнөлүк акындар конгрессинин да мүчөсү.

Жумадин Кадыров деген кыргыздын дагы бир окумал, эмгекчил жигити бар. Ошол жигит жетектеген басмадан агайдын жыйырма томдук жыйнагынын жарыкка чыгып жатканын угуп, сүйүндүк. Бул да кубана турган жакшылык. Кыргыз элинин жакшылыгы. Анткени, өлбөс-өчпөс көөнө сөз, кеменгер кеп, нарк-насил кыргыз элине көп замандар кызмат кылары бар. Кызмат кыларына ишенем, ар бир үйдө бул китептер болуп, ар бир жаш адам окуса, билими да, мекенге болгон сүйүүсү да өсүп, жандүйнөсү кеңейет деген ойдомун!

Кызырлуу кыргыз элиме кызмат этсем экен деген ой менен жашайт устатыбыз! Бар болуңуз!  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер