Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Күйөөмдөн катуу жаракат алгам, кайра жараштым. Бирок көңүлүм башкада...

Күйөөмдөн катуу жаракат алгам, кайра жараштым. Бирок көңүлүм башкада...

27-июнь, 20:12
3 094 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жолдошум экөөбүздүн бир балабыз бар. Балам бир жарым жашка чыкканда, күйөөм мени катуу сабап, эс-тутумумду жоготком. Аябай жүрөк муздаган. Турмушубуз бузулган. Ошентип 6 жылдай бирге жашаган жокпуз. Беш жыл өткөндөн кийин бир жигит менен таанышып, сүйлөшүп жүрдүк. Ал колумду да сураган, мен макул болгом. Бирок жашоомдо күйөөм кайрадан пайда болду. Ортого киши салып, ата-энеме чейин көндүрүп, жарашууга кандай макулдугумду бергенимди да билбей калдым. Бирок жарашкан күндүн эртеси эле өкүнүп баштадым, жүрөгүм муздап калыптыр. 

Ошентип, биз жарашкандан кийин эле жолдошум Америкага кетти иштегени. Ал кеткенден кийин баягы жигит кайра колумду сурап келе баштады. Мен азыр эмне кылышты билбей, башымды мыкчып отурам. Күйөөмө болсо көңүлүм жок. Колум сурап жүргөн жигитти эч унуталбай, кол үзө албай койдум. Көңүлүм калса да күйөөмдү күтсөмбү, же колумду сураган жигитке кете берсемби? Баардык туугандарым, ата-энем, бир туугандарым “ал балага турмушка чыкпай, жолдошуңду күт” деп каршы болуп атышат. Жашоодо эң корккон нерсем, фобиям – кыз кишиге кол көтөргөн эркектер эле. Ал эркек кайрадан менин жашоомдо. Мындан ары кандай кадамга барам?


Сейил 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер