Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жалал-Абаддагы массалык уулануудан ооруканага 88 жаран кайрылды

Жалал-Абаддагы массалык уулануудан ооруканага 88 жаран кайрылды

04-июль, 18:05
378 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жалал-Абад шаарынын аймагындагы тез татым жайларынан уулангандардын саны 88ге жетти. Маалыматты шаардык мэриянын маалымат борборунан тастыкташты. Белгилүү болгондой, алардын ичинен 34ү ооруканада дарыланууда. Ошондой эле шаардагы жана шаарга чектеш аймактардагы 50дөй тез татым жайы жабылды. Мындан тышкары 10 тез татымга жалпы суммасы 48 миң сомду түзгөн айып пул салынды.

Эске салсак, 27-30-июнь күндөрү Жалал-Абад шаарындагы "Ага-ини" жана "Таж-Махал" тез татым жайларынан тамактанган 79 адам ууланган. Шаар бийлиги жана тийиштүү кызматтар тарабынан аталган тез татымдар окуя катталгандан кийин убактылуу жабылган.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер