Дүйнө, жашоо кээде тартып койгон пейзаждай көрүнөт
Кар себелеп жатат. Болуп көрбөгөндөй аппак кар. Жумшак. Себелеп жаткан карга карабай адамдар ары-бери шашылат. Кар жаайбы, жамгыр төгөбү, бороон-чапкын болуп шамал жүрөбү, жашоо токтоп калбайт экен. Кыйма-чийме автоунаалардын терезесин кар уруп, айнек тазалагычтарын шакылдатып иштетип алышкан. Дүйнө, жашоо, тирүүлүк бир карасаң жөн гана тартып койгон, канча бир жылдар бою сакталып тура берчү кышкы пейзаждай көрүнөт. А бирок жашоонун, муңдуу тирүүлүктүн эмне деген азап тозоктору бар?.. Ушул өтүп жаткан ар бир адамдын жандүйнөсүндө буюккан бир дүйнө жатат. Тагдырлар катылгандай. Ошол буюккан дүйнөнү көтөрүп адамдар өтүшүүдө. А аппак кар себелеп жатат...
Себелеп жаткан миллиондогон кар бүртүктөрү бир заматта айлананы аппак дүйнөгө айлантып салды. Тоо, токой, жолдор – баары аппак. Жаңы төрөлгөн наристе сымал аалам да, жер дагы аппак дүйнөгө айланып турду. Бир саамга дүйнө мемирей түштү. Баары токтоп, тунуп калгансыды. Аппак кар жана жымжырттык. Дал ушу ак дүйнөдөй адамдардын жандүйнөсү, жүрөгү да таптаза болсо кана! Анда бул дүйнө бейишке айланып кетмектир...
Кар себелеп жатат. Болуп көрбөгөндөй аппак кар. Бассаң кытырайт. Себелеп жаткан карга карабай адамдар ары бери агылып жатты...
Мээрим
"Азия Ньюс" гезити