Кыргызстандагы көмүр тартыштыгынын себептери эмнеде?


Кыргызстанда көмүр тармагы соңку жылдары интенсивдүү өнүгүп, өндүрүш көлөмү кыйла жогорулады. Эгер 2020-жылы өлкө боюнча 2,7 млн. тонна гана көмүр казылса, 2024-жылы бул көрсөткүч 4,4 млн. тоннага жетип, 60 пайыздык өсүш катталды. Бирок тармактагы ийгиликтерге карабастан, көмүр саясатынын бирдиктүү башкарылбаганы, лицензияларды бөлүштүрүүдө “Кыргызкөмүр” ишканасынын түздөн-түз катышпаганы ички рынокто олуттуу көйгөйлөрдү жаратып келет.
Бүгүнкү күндө көмүр тармагындагы негизги көйгөйлөрдүн бири лицензияны башкарууда, ага көзөмөл жүргүзүүдө дагы эле болсо “Кыргызкөмүр” акционердик коомунун түздөн-түз катышпагандыгы себеп. «Кыргызкөмүр» ААК болгону 20дай кен казуу лицензиясын өз карамагында кармап турат. Бул өлкөдөгү бардык лицензиялардын болгону 5 пайызы гана. Калган 95 пайызы ар кандай жеке компаниялардын колунда.
Мындай абал көмүрдүн өндүрүлүшү, сатылышы, экспорттолушу жана ички рынокко бөлүштүрүлүшү боюнча мамлекетке көзөмөл жүргүзүүнү кыйындатууда. Ошондуктан мамлекеттик саясат бул тармакта бирдиктүү башкаруу системасын түзүп, бардык кендерди борборлоштурулган мониторингге өткөрүүгө багытталышы зарыл.
Быйылкы жылы суук башталганда көмүрдүн убактылуу тартыштыгы байкалды. Анын негизги себептери төмөнкүлөр:
1. Кышка даярдыкты кеч баштоонун кесепети
Калктын басымдуу бөлүгү көмүр сатып алууну суук түшкөндө гана баштайт. 2025-жылдын сентябрь-октябры жылуу өткөндүктөн, биринчи үшүк менен эле суроо-талап кескин өсүп кетти.
2. Электр энергиясына чектөөлөр кириши мүмкүн деген маалыматтар
Мындай билдирүүлөр чыккан соң, эл көмүр сатып алууга шашыла баштап, суроо-талап дагы көбөйдү.
3. Кара-Кече көмүрүнө болгон рекорддук суроо-талап
Акыркы жылдары Кара-Кече көмүрү Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында өтө популярдуу болуп калды. Бул жылы ортомчулар казылган көмүрдү массалык түрдө түштүккө чыгарууда. Натыйжада Бишкек, Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарына буга чейин бөлүнүп келген көмүр көлөмү азайды.
4. Түштүк аймактардагы көмүрдүн чоң бөлүгү экспортко кетүүдө
Кыргызстандын көмүрүнүн жарымы Нарын облусунда, жарымы түштүк аймактарда казылат.
Бирок Өзбекстан жана Тажикстан тарап жогору баа сунуштагандыктан, түштүктө өндүрүлгөн көмүрдүн көбү аларга сатылууда. Мисалы, 2024-жылы 1,7 млн. тонна көмүр экспорттолгон. Бул түштүктө өндүрүлгөн көмүрдүн 78%ы, жалпы өлкөдө казылган көмүрдүн 38%ы. Эгер бул көмүр ички керектөөчүлөргө биринчи кезекте сатылса, өлкө боюнча камсыздоо бир кыйла тең салмактуу болмок.
5. Баанын жогорулашы жана ортомчулардын таасири
Түштүк облустарда көмүр ар дайым кымбатыраак. Ушундан улам ортомчулар айдоочуларга жогорку баа сунуштап, көмүр агымын түштүккө бурду. Бул болсо Бишкек, Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас аймактарында көмүр алып келген жеке сатуучулардын баасын жогорулатууга алып келди.
6. Жагдайды турукташтыруу үчүн көрүлгөн чаралар:
-- Кара-Кече кенинде жеке унааларга жана ортомчуларга көмүр сатууга чектөө киргизилди;
-- «Кыргызкөмүр» менен кызматташкан базаларга гана көмүр жүктөө жүргүзүлүп, алар көмүрдү арзандатылган, бекитилген баада сатууга милдеттендирилди;
-- түштүккө ашыкча жүк менен чыккан унаалар жолдорду бузуп жаткандыктан, Жумгал районунда жүк ташуучу унааларды көзөмөлдөө пункттары уюштурулду;
-- министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, көмүрдү автоунаа менен экспорттоо эми «Кыргызкөмүр» аркылуу гана жүзөгө ашат;
-- 2025-жылдын октябрынан тартып БК жана БР маркасындагы көмүрдү автоунаа менен экспорттоого чектөө коюлду;
-- жергиликтүү бийлик органдары менен бирге отун-базалар түзүлүп, жүк унааларын туура багыттоо жана калкты үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча көзөмөл күчөтүлдү.
7. Өндүрүштү көбөйтүү боюнча иштер
«Кыргызкөмүр» калкты көмүр менен камсыз кылууну жогорулатуу үчүн өндүрүштү активдүү кеңейтип жатат.
Мисалы: Кара-Кече разрезинде 2020-жылы 213 миң тонна казылса, 2024-жылы 1,5 млн. тонна көмүр өндүрүлгөн. 2025-жылдын 1-январынан бүгүнкү күнгө чейин 1,0 млн. тонна көмүр калкка, социалдык мекемелерге жана Бишкек ЖЭБине сатылды.
Кара-Кече кенинде 615 кызматкер эки вахта, эки нөөмөт менен күнү-түнү иштейт. 250дөн ашык техника тартылган. Күн сайын 350-450 унаага көмүр жүктөлүп, ар 3 мүнөт сайын бир унаа разрезден чыгып турат. Бул кендин максималдуу долбоордук кубаттуулукта иштеп жатканын далилдейт.
Буга чейин дагы жогоруда айтылгандай сунуштар түшүп келген. Кыргызстанда бүгүнкү күндө көмүр тармагы келечектеги чоң тармак. Бизде ташкөмүрдүн, күрөң көмүрдүн кокска керектелүүчү көмүрдүн түрлөрү бар. Алардын көлөмдөрү жүздөгөн, миллиондогон тонналарды түзөт. Көмүр тармагынын келечеги абдан чоң. Ошого байланыштуу бүгүнкү күндө биз электр тармагына чоң жардам беребиз деген ойдо болсок, көмүр кенине бирдиктүү тармак киргизип, жогоруда айтылгандай, лицензиялардын бардыгына тең көзөмөл жүргүзүп, программасын түзүп иштеген мекемеге айланса, анда тармакка чоң салымын тийгизет эле. Экономикалык көрсөткүчтөрү да мындан жогору болмок.
Дүйшөнбек Камчыбеков, то-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын төрагасы, техника илимдеринин доктору, өнөр жайга эмгек сиңирген ишмер
"Азия Ньюс" гезити











