20 жылдык мааракеге кеткен күйөөм турмушумду бузду


Москва шаарында жашап, иштеп жүргөнүбүзгө 9 жылдын жүзү болду.
Балдарыбыз кайын энемдин колунда. Кудайга шүгүр, 4 балабыз бар. Эки жыл мурун жолдошум “20 жылдыкка барам” деп даярданып калды. Мен жумушума байланыштуу Москвада кала бердим. Ал учуп кетти. Классташтар менен жолуккан күндөн баштап мени менен телефондо сүйлөшпөй калды. Үйгө чалам, үйдө жок болот. Досторуна чалам, күйөөмөн дайын жок. Көрсө, менден жашырып айтпай жатышкан сыры бар экен.
Мектепте окуп жүргөндө сүйүшүп, сүйлөшүп жүргөн кызы да 20 жылдыкка келген тура. Ал кыз турмуштан ажырап, башы бош жүргөн. 20 жылдык да бүтөт. Достору баары үйүнө кетсе, менин жолдошум экөө бир жакка түнөп калат. Алардын кылыктарын баардык классташтар да билет. Ошол күндөн баштап биздин турмуш бузулуп, мамилебиз мурункудай болбой калды. Мурунку сезим, жылуу сөздөрүм, сый-урматым жоголду.
Кыскача айта кетейин, биздин кетирген ката десем болобу, же турмуш башка жазганыбы? Билбейм. Бирок, эч кимдин башына мындайды салбасын. Бир өлүп тирилдим. Эми жашообуз кандай болот? “Кимдир бирөөгө сабак болоттур” деген ойдо жазып жатам. Күйүттүн күчүнөн тирүүлөй өрттөнгөндөй болдум.
Азыркы күнгө чейин кечире албайм.
Жийде
"Азия Ньюс" гезити











