Молдо чакырдык, дарыгерге алып бардык, апам арак ичкенин койбоду


Турмуш өз нугунда жакшы өтүп жатканы менен жүрөктүн түпкүрүндө бир гана оор тагдыр жазмышы тынчтык бербей келет. Ал менин апам… Биз кичинекей кезден бери арактан баш тартпай койду. Канчалаган жылдар өттү, канча жолу көз жаш төгүп, канча үмүт артып көрдүк, бирок баары текке кеткендей. Ар бир жолу “балким бул ирет токтотот” деп ишенебиз, бирок кайра эле баягы көрүнүш кайталанат.
Элдин алдында уялып, тууган-туушкан, кайын журттун алдында жүзүбүз жер карады. Мас болуп эл көзүнө түшкөн учурлар жүрөккө бычак сайгандай оор тийет. Эненин аброю баланын намысы эмеспи, бирок биз андай жетишкендиктен кол жууп келдик.
Молдо чакырдык, дарыгерге алып бардык, бакшыга да ишендик, эч нерсе жардам берген жок. Кимге кайрыларыбызды билбей калдык. Айлабыз кетти. Кээде “тагдырыма ушундай жазылгандыр” деп өзүмдү жубатам, бирок ар күнү эненин кыйналганын, аракка болгон көз карандылыгын көрүү бул сыноо экен.
Азыр эң чоң каалоом – апамды айыктырып, аны кайра мурдагыдай мээримдүү абалына кайтаруу. Эгер арактан арылтып, дарылап, жаткырып чыгара турган ишенимдүү борборлор же адистер бар болсо, суранам, билгендер жардам бергиле! Бизге азыр үмүт, бир гана колдоо керек...
Нурия
"Азия Ньюс" гезити











