Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Казакстанда белгисиз идеттен жылкылар кырылып жатат

Казакстанда белгисиз идеттен жылкылар кырылып жатат

01-октябрь, 18:59
986 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

"Казакстандын Кызыл-Ордо облусунда миңге чукул жылкы белгисиз илдеттен улам кырылып калды. Алсак, Байкенже айылында кыска убакыт аралыгында эле 200 жылкы өлгөн. Жергиликтүү тургундар алардын малы эмнеден улам өлүп жатканын түшүнбөй жатышканын айтышат. Жылкылардын сырдуу өлүмү август айында эле башталган. Жылкылар 10 күндөй ооруп, чөп жакшы жебей, арыктап өлүп калып жатканы маалым. Бирок Казакстандын ветеринардык инспекциясы бул сырдуу деле оору эмес экенин, жылкылар гастрофилез деген илдеттен улам кырылып жатканын айтышат. Ветеринарлар жай ысык болуп, жаан-чачын аз болгондуктан жылкылар жайытта жүргөндө аталган ооруну козгой турган личинкалар алардын ичине кирип кеткенин айтышкан. Ветеринарлар жылкы кармагандар малын таза кармап, курттарды кетириш керек болгондугун белгилешкен"- деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, учурда облус жетекчилиги комиссия түзүп, жашоочуларга өлгөн мал үчүн компенсация төлөө маселесин карап жатат.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер