Талгар Марлис уулу: “Чоң компаниялар программист айымдарга кызыгышат”
-- Айымдардын, кыздардын IT кесибиндеги ордун айтсаң? Келечекте кандай болот?
-- Жакында мага да бир кыз ушундай суроо менен кайрылды. IT кесибине суроо-талап өсүүдө. Мындай адистиктерди тандаган аялдар дайыма стереотиптерге туш болушат. “Аялдардын IT кесиби” деген түшүнүк жок. Мен өзүм университетте окудум жана азыр кесиптештеримдин жарымы келишимдүү айымдар. Техникалык факультеттерде кыздар аз экени чындык. Буга кыздардын өздөрү кызыкпаганы себеп.
IT адистеринин проект менеджерлери, макет дизайнерлери, интерфейс дизайнерлеринин арасында айымдар көп кездешет. Программист жана администратор кыздар көп кездешпейт. Бирок бул мындай кызматтардан чектөө керек дегенди билдирбейт.
Чоң компаниялар программист айымдарга кызыгышат. Мен так айта алам, Amazonдо бул системага ылайык мырзалар менен бирдей жөндөм индикаторлоруна ээ болсо, кыздар жумушка алынат. Аялдарга карата кандай пикир жаратарыбыз бизге байланыштуу. Эгерде ой жүгүртүүнүн түрү, билим, кызыгуу жана ийгиликке жетүү үчүн ички каалооңуз сизди мындай ишке түртсө, анда баардык терс пикирлерден баш тартып, максатты көздөй умтулуу керек.
Туура тандоо үчүн интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрүңүздү билүү абдан маанилүү.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити