Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айтматовду жамынып алып, кайра аны бурмалаган Абдыкерим Муратов

Айтматовду жамынып алып, кайра аны бурмалаган Абдыкерим Муратов

29-ноябрь, 16:56
2 355 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыз адабият илиминин тарыхында С.Жигитов менен А.Эркебаев өзгөчө орунда турушат. Анткени коммунисттик идеология күчүндө турганда (1970-жылдардын экинчи жарымы, 80-жылдардын башы) репрессия болуп кеткен алгачкы муундагы акын-жазуучулардын чыгармачылыгын изилдешип, алардын таруудай чачылып кеткен ырларынын бирин койбой казак, татар, кыргыз тилинде чыккан гезиттерден жыйнап, көз майын коротуп окуп, кол жорутуп көчүрүп, 1918-1930-жылдардагы казак, татар, кыргыз басылмаларын Ташкент, Казань, Фрунзе, Москванын архивдеринен издеп, “Эркин Тоого” чейинки, андан кийинки кыргыз адабият тарыхынын актай барактарынын кенемтесин жаңы ысымдар менен толуктап, кызылдай мээнет менен аларды калыбына келтирип, адабият тарыхын өзү каалагандай жасап алууга аракет кылып, “партиянын солдатымын” деген Аалы Токомбаев сыяктуу адабияттын мансапкор төбөлдөрүнүн курмандыгы болгон бир муунду кайра “тирилтип” Салижан Жигитов “20-жылдардагы кыргыз адабияты” (1984), “Обретение новых традиций” (1984), А.Эркебаев “Социализмдин шартында жаңы жазма адабияттын пайда болушу” (1983), «Кыргыз адабиятынын аз изилденген барактары» деген эмгектерин жаратышкан. Бул эмгектер ар бир автор, ар бир ырдын текстинин тууралыгын текшерип, тактап, такыбалык менен изилдөө жүргүзүп, архивдин фондунан алынган жаңы фактыларды илимий изилдөөнүн элегине салышкан чыныгы окумуштуулардын ак пейилден жараткан нукура илимий эмгектери десек болот. Ар качандан бир качан боло жүргөндөй ошондо да дилетант, кокуй адабиятчылар алардын үстүнөн арыз уюштурушуп, бут тосуп, кыянатчылык кылышкан. Ошондой тоскоолдуктарга, кыйынчылыктарга карабай С.Жигитов да, А.Эркебаев да чындык үчүн күрөшкөн, себеби илимде жалган, жасалма, бурмаланган утурумдук нерселер эртедир-кечтир бети ачылып, эч нерсеге жарабай кала турганын эң сонун түшүнүп, көздөгөн максаттарынан артка кайтпай, өтөсүнө чыгып, адабият тарыхын изилдөөдөгү жаңы багыттын баштоочулары болуп калышты. Алардын ушундай нускалуу илимий ишмердүүлүгү кийинки муундарга өрнөк.

Азыр болсо мурдагыдай идеологиянын догмаларына таянып, ошону бетине кармап арыз жазган адабиятчылардын заманы өткөн. Бирок мурдагыдай саясый,  идеологиялык тоскоолдуктар жок болгону менен илим эмпирикалык деңгээлге түшүп, субъективизм күчөп, фактыларды каалагандай бурмалоо, чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратуу өзүнчө эле өнөкөткө айланып баратат. Бу өзгөчө Ч.Айтматов жөнүндө жазылган китептерге, монографияларга, диссертацияларга мүнөздүү көрүнүш десек болот. Албетте А.Эркебаев, А.Акматалиев, О.Ибраимов, К.Ибраимов, Л.Үкүбаева өңдүү жазуучунун өмүрү жана чыгармачылыгы боюнча узак жылдардан бери узанып келаткан адабиятчы – аалымдардын омоктуу эмгектеринин жөнү башка деңизчи, бирок Ч.Айтматовдун атын жамынып китеп, монография чыгарып, халтура диссертация жазып, эптеп кандидат, доктор деген илимий даражага ээ болгон саны бар, сапаты жок айтматов таануучулардын батальонунун дилетанттык иштери өкүндүрбөй койбойт...

Өткөн жылы Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган көп иш-чаралар менен бирге телерадио берүүлөр да уюштурулду. Алардын ичинен өзгөчө эсте калганы – КТРдин “Маданият” каналында декабрда журналист Г.Кулумбаеванын педагогика илимдеринин доктору, адабиятчы-усулчу Абдыкерим Муратов менен жасаган маеги болду. Ошол аңгемелешүүдө А.Муратов “Чыңгыз Айтматов Ошто же Жалал Абадда туулган болуу керек... “Жамийланы “Луи Арагон эмес, анын жубайы Эльза Триоле которгон болуу керек...” деген божомолдорду ортого салды. Илимде ар кандай гипотезалар айтыла берери бышык, жаңылыктар, ачылыштар боло берери табигый көрүнүш, таңкала турган эч нерсе жок. “Ооздон чыккандан кийин отуз уруу элге тарайт” демекчи, теле аркылуу миллиондогон көрөрманга жеткен А.Муратовдун бул “сенсациялуу” кабарын мен кызыгуу менен кабыл алдым. Балким көп жылдан бери издеп жүрүп, жаңы материалдарды тапкандыр деп ойлодум. Андан кийин, тилекке каршы, айтылган маселени тастыктаган А.Муратовдун эмгегин, же изилдөөсүн таба алган жокпуз. Көрсө, Абдыкерим Муратов “көрөрмандардан кандай сөз чыгат, коомчулук кандай кабыл алат, ошону билейин” деген ниет менен жыландын башын кылтыйткан окшойт...

Ошол телепрограммада А.Муратов жарык көрдү деп жарыя кылган “Чыңгыз Айтматов: цифралар жана фактылар” (К.Акматов менен авторлош. Б., 2018) деген китеби көп өтпөй колго тийди. Сөз атына заты жарашпаган ушул китеп жөнүндө  болмокчу. 

Абдыкерим Муратов эмгегинде “Атасы, апасы баланын туулган жерин атайын ырым кылып Шекерге каттаткан окшойт...” деп жазат (бул сүйлөмдөр анын “Ала-Тоодон ааламга үн салган Айтматов” деген китебинен сулп бойдон алынган). Бул жерде автор “каттаткан окшойт” деп эки анжы болуп, күмөн санап жатышынын жөнү бар. Себеби, анын көңүлүндө “Ч.Айтматов Ошто же Жалал-Абадда туулган” деген азыткы ой турат. Андай болсо, Ч.Айтматовдун өмүрү жана  чыгармачылыгына арналган олуттуу эмгектерди жараткан, академик А.Акматалиев “Ведущий писатель мирового масштаба родился в 1928 году в кишлаке Шекер Кировского района” (А.Акматалиев. “Чингиз Айтматов”, 2018., стр.4) деп, же КР УИАнын корреспондент-мүчөсү О.Ибраимов «Чингиз Торекулович Айтматов родился 12 декабря 1928 года. Он был уроженцем Таласа – первородины древних киргизов, перекочевавших сюда с Алтая еще в раннем средневековье» деп жаңылышып жазып жүрүшөбү? А.Муратов бул субъективдүү божомолдору менен Ч.Айтматовдун көркөм дүйнөсүнө, космосуна дегеле коошпогон, жат, жалган “концепциясын” таңуулап, бөйрөктөн шыйрак чыгарып, каңшаар тараткан, же жазуучунун көзү өткөндөн кийин анын өмүр баянын каалагандай бурмалай берсе болот (!) деген ниети барбы? Мейли, А.Муратовдун “гипотезасы” туура болсун дейли, анда Данияр “казак таякелеринен” эмес, “өзбек таякелеринен” келген дейбизби? Садыктын салам катындагы “Андагы Таластын атыр жыттуу абасында жашаган” дегенди “түштүктүн мээ кайнаган ысыгында жашаган” деп оңдойбузбу? Же “Жамийланы жылкычынын кызы эмес, пахтачынын кызы” десек болобу? Албетте болбойт, анткени таянган фактысы, далили жок эле негизсиз аргументтерди, жоромол-божомолдорду чындык катары кабыл алганга болбойт. Тарыхый инсан жөнүндө ар кандай жомок чыгарганга жол бербейли. Ушуну убагында сезип, А.Муратов К.Акматов менен авторлош китебинде Ч.Айтматов “1928-жылы 12-декабрда Талас өрөөнүнүн Шекер айылында кызматчынын үй-бүлөсүндө туулган” деп жазыптыр.

“Кайталагандан келме бузулбайт” дегендей, буга чейин көп айтылып, көп жазылып, эч кандай суроо жаратпаган жазуучунун туулган жери, өмүр баяны тууралуу маселеге кайра кайрылуу зарылдыгы чыгып отурат. Фактыларга таянсак, Ч.Айтматовдун өмүр баяны жөнүндө маалыматтарды дүйнөгө алгач жарыя кылган француз жазуучусу Луи Арагон болгон. Ал “Жамийла” повестин которгондон кийин чыгарма боюнча макаласын жазып жатып, али белгисиз жаш автордун өмүр баянына кызыгып, маалымат топтоп, аны эмгегине киргизген. Ошондон бери 60 жылдын жүзү болду, Ч.Айтматовдун өмүрү, чыгармачылыгы жөнүндө кыргыз, орус ж.б. тилдерде жазылган жүздөгөн китептерге, монографияларга миңдеген илимий макалаларга, адабият тарыхына, окуу китептерге, энциклопедияларга, маалыматнаамаларга кирген жазуучунун туулган жери тууралуу маалыматтан А.Муратов эми минтип күмөн санап, шектенип, аны жокко чыгарып, оңдогусу келип отурат. “Көсөөнүн акылы түштөн кийин” дегендей, А.Муратов жазуучунун көзү тирүүсүндө кайда жүрдү эле, же анда “акыл азуусу” чыга элек беле? Кандай болсо да “сенсациялуу” божомолдун авторуна жооп бергенге аракет кылып көрөлү. 

Жазуучу “Менин мекеним” деп аталган өмүр таржымалын баяндаган макаласында “Абдан сагындырып, бир көрүүгө куштарланткан Талас жергемди ак-карасы аралаш жаткан өз келбетинде көз алдыма элестетүүгө аракеттенем. Эгер мен аалам койнун аралаган космикалык саякатта жүрүп, жер жөнүндө ойлончу болсом, сөзсүз аны өз айылым Шекердин образы аркылуу элестетерим бышык. Анткени менин башатым ушул Шекер. Ушул жерде аталарым жана бабаларым жашаган. Ушул жерде мен жарык жарык дүйнөгө келип, турмуш тааныгам, өз тагдырымды тапкам” (китепте: Ч.Айтматов “Биз дүйнөнү жаңыртабыз, дүйнө бизди жаңыртат” (Ф., 1988, 4-б.). Жазуучу Шекерде туулганын ачык, так жазып, айылы анын кан-жанына сиңгенин, ата-бабалары да ушул касиеттүү жерди жердеп келгенин, тамыры тереңге кеткен байланышын, ысык мамилесин, расмий документтерде камтылбаган ата-теги жөнүндө социалдык, психологиялык, этнографиялык бир топ маалыматтарды агынан жарылып айтып жатат. Ал эми адабиятчы В.Левченко менен маегинде “менин балалыгымдын ааламы – бул өзүм туулуп өскөн Шекер” (Ч.Айтматов “Биз дүйнөнү жаңыртабыз, дүйнө бизди жаңыртат”) деп айтып жатат. Бир жолу Ч.Айтматов Ташкентке барганда жазуучу Адыл Якубов сый көрсөтүп, узатып жатып, “дагы отуралы, жакшы аңгеме болуп жатат” десе (А.Муратов өзбекче жакшы эле түшүнөт болуш керек, А.Якубовдун эскерүүсүн бузбай берели) Ч.Айтматов “Йук, Одил, - деди Чингиз. -- Мен Таласдаги тугилиб катта булган овулим Шакарга барвакт етиб боришим керак. Дунёнинг икир-чикир ишлари билан булиб, бир-икки йилдан бери боролмаганман. Оламдан утган одамлар бор, уларнинг хонадонларига бориб, фотиха укишим, кунгил сурашим керак. Борсам, албатта, учрашамиз, ётиб дардлашамиз, ёшлигимизни эслаймиз, деб ваьда килганман” (“Чингиз Айтматов ва Узбекистон “Тошкент., 2018., 17-бет) деп жазуучу өзбектерге эле эмес, бүт дүйнөгө айтып жатса, эми ушуга макул болбой, “жок, Айтматов Ошто же Жалал-Абадда туулган” деген сөз кайсы логикага сыят? Муну Ч.Айтматов жараткан көркөм дүйнөнүн уюткусун бузууга болгон аракет катары гана бааласак болот. Анан калса, автордун  өзү жазган өмүр баяны да, Шекердин турмушун жазган повесть, аңгемелери да анын төрөлгөн жерин далилдеген тарыхый булак катары, документ катары эсептелерин А.Муратовдун эсине сала кетели.  

Эми илимий, социалдык, укуктук жана саясый мааниге ээ болгон Ч.Айтматовго байланыштуу архивдик булактарды карап көрөлү. Ч.Айтматовдун 1978-жылы 6-апрелде өз колу менен жазылган өмүр баянында “Я, Айтматов Чингиз Торекулович, родился 12 декабря 1928 года в селе Шекер, ныне Аманбаевского сельсовета Кировского района Киргизской ССР в семье служащих. 06.04.1978”. ЦГА ОПД КР, Ф56 ОП.296Д.53.ЛЛ.1, 5. Качан эле илимий фактыга айланган, бүт дүйнөгө тараган ушундай тарыхый архивдик документтер турса, жүйөлүү бир аргументи, далилдей турган бир документи, фактысы жок эле божомолдорду бетине кармаган, чындыкка дал келбеген “сенсациялуу гипотезалар” иштелип чыгып, жалган маалыматтар илимий чөйрөгө, коомчулукка таратылып, “уурусу күч болсо, ээси доого жыгылат” болуп, жазуучунун киндик кан тамган жерин, космосун өзүнө ээ кылбай, башка жерлерди таңуулап жаткан А.Муратовдун көздөгөгөнү жеңил атак, оңой олжобу? Уильям Фолкнер өзү туулган Йокнапатофа жөнүндө “Я создал собственный космос... Я склонен рассматривать созданный мною мир как своего рода краеугольный камень вселенной: если его убрать, вселенная рухнеть” деп айткан экен. Анын сыңарындай, Шекерди Ч.Айтматов жараткан космостон ажыратып кароого болбойт, бирок ажыратууга, “көкбөрү” тартып кетүүгө аракеттер болуп жатканына күбө болуудабыз, муну чайкоочулук катары гана кароого болот.

Авторлордун китебинде цифралар да, фактылар да бурмаланып берилген, ошондой эле жаңылыш маалыматтар да көп, алар оңдолууга тийиш. Анткени бул китептеги маалыматтар Ч.Айтматов жөнүндө туура эмес, бурмаланган маалыматтардын таралышына түрткү болот. Мисалы, аталган китепте “1953-1956-жылдары Кыргызстан мал чарба тажрыйба станциясынын Таластагы эксперименталдык бөлүмүндө зоотехник болуп иштеген” (12-б.) деп жазылган. Авторлор эч жерде жок “жаңы”фактыларды “таап” алышканын карабайсызбы? Кайдан, кимден алганы белгисиз. Түшүнгөн адамга бул мезгил жазуучунун өмүрүндөгү бурулуш учурлардын бири, себеби, окуусун бүтүп, иштеп, үй-бүлөсүн багып, ушул жылдардан тартып чыгармачылыкка баш-оту менен кирген мезгили башталат. “В августе 1953 года появилась возможности перевести семью из Таласа во Фрунзе, где молодому сотруднику выделили двухкомнатную ведомственную квартиру” (О.Ибраимов “Чингиз Айтматов”, М., 2018, стр.37) деп жазат көрүнүктүү айтматов таануучулардын бири О.Ибраимов. Демек, жазуучу эмгек жолун А.Муратов жазгандай Таластан баштаган эмес, тескерисинче, үй-бүлөсүн көчүрүп келип жатат. Ч.Айтматовдун иштеген жерлери боюнча түзүлгөн документте “1953-1956-жылдары кыргыз мал чарбачылыгы жана ветеринария илим изилдөө институтунун эксперименталдык чарбасынын улук зоотехниги. Кызыл-Аскер району, Чоң-Арык айылы” (ЦГА ОПД КР, Ф56 ОП.296Д.53.ЛЛ.1,5) деп көрсөтүлгөн, мамлекеттик архивдин фондунан алынган ушул маалымат так жана туура. Ошентип авторлордун жогорудагы “фактысы” да кызылдай эле калп болуп чыкты. 


(Уландысы кийинки санда)

Аскар МЕДЕТОВ, филология илимдеринин кандидаты

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер