Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жеңиш Молдокматов: “Өмүрбек Бабанов боюнча бүдөмүк нерсе жакында билинет”

Жеңиш Молдокматов: “Өмүрбек Бабанов боюнча бүдөмүк нерсе жакында билинет”

06-май, 19:36
722 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Жеңиш мырза, сот иштери кайсы өңүткө жетти?

-- Октябрь окуялары боюнча 105 том токулган. Жети ай тергөө жүргөн. Иштин сотко өткөнүнө алты ай болду. Айыпталуучу катары жети адам көрсөтүлгөн. Бирок, алты адам гана отурабыз. Жетинчи адам Өмүрбек Бабанов. Анын иши өзүнчө өндүрүшкө алынып кеткен. Алты айдан бери процесс баштала элек. Буга биздин бир дагы өтүнүчүбүз (ходатайство), арызыбыз сот тарабынан колдоого алынган жок. Канааттандырарлык чечиле элек. Бир гана мамлекеттик айыптоочулар, прокурорлордун өтүнүчтөрү колдоого алынып келатат, бул абдан өкүнүчтүү жана коркунучтуу жагдай, аныгында, соттордун адилетсиздигинен кабар берип турат...

Сот процесси баштала элек. Болгону биз жол-жобосун гана беките алдык. Буга биз макул болгон эмеспиз, сот өзү эле бекитип алды. Таңкалычтуусу, “Октябрь окуясы боюнча айыпталуучу” деп алты адам күнөөлөнүп атабыз. А “жабырлануучу” мамлекет өзү. Соттук процесске президенттин иш башкармалыгы, мэриянын өкүлдөрү галстукту моюнга тагып, костюмду кийип, кычырап, “биз жабыркаган тараппыз” деп келе баштады. Октябрь окуясы боюнча эки гана тарап бар: айыпталуучулар – ок чыгарганга, разгонго уруксат, тапшырма берген Жунушалиев, Опумбаевдер болсо, жабыркаган тарап бирөө – бул эл. Окуя болгон жерде колу-бутунан, көдөрүнөн айрылган, ок жеген, катуу жаракат алган элдер сотко арыздарын жазып келишүүдө, “бизди жабырлануучу катары кабыл алып койгула” деп.

-- Өмүрбек Бабановду эмне үчүн сот иштерине тартпай атышат?    

-- Бул боюнча бизде да суроо жаралды, “эмне үчүн жети кишинин ичинен Өмүрбек Бабановдуку өзүнчө өндүрүшкө алынат?” деген. Бул боюнча прокурорлорго, сотторго да айтып, жообун алалбай келебиз. Жакында башкы прокуратуранын башкы бөлүм башчысына собол таштаганымда (байкабай айтып алды окшойт), “Өмүрбек Бабанов тергөө менен кызматташуу келишимине кол коюп, өзүнчө өндүрүш ишине алынды” деди. “Тергөө менен келишти” деген абдан чоң нерсе. “Башка бирөөгө көрсөтмө берип, тергөөнүн ишине жардам берет” деген маани. Эртеси Өмүрбек Бабановдун тарапташтары, жактоочусу “ал келишимге кол койгон эмес” деди. Бул бүдөмүк нерсе жакында билинет, көрөбүз. 

-- Негизи, Октябрь окуясына ошол кездеги бийликтин адамдары да күнөөлүү да, ушул боюнча кыскача токтолсоң?

-- Соттун жүрүшүндө 105 томдун ичиндеги тергөөчүлөр өздөрү чогулткан материалдарды эле биз алып чыгып атабыз. Аны сырттан же өзүбүз ойлоп тапкан жерибиз жок. Ошол жерде 100гө жакын адамдардын арызы турат. “Сооронбай Жээнбеков, Боронов, Жунушалиев, Опумбаевдерден 2 миллион сомдон өндүрүп, жоопко тартып бергиле” деген. Негедир тирүү адамдардын арызы каралбай жатат.  Биз сотко кайрылып, “ушуларды эле кабыл алып койгулачы?” деп атабыз. Эгер эки адам мушташып, жабыркаган адам арыз жазса, эртеси эле экинчи адам камалып кетип атат. А бу жерде ок жеп, катуу жабыркап, бийликтин запкысын тарткандар арыз жазып атышса, арыздары каралбай келет. Биз ушуларды жүйө, өтүнүч келтирип атабыз сотто. Ошол эле 105 томдун ичинде азыркы бийликтин жана “Мекенчил” партиясынын өкүлдөрү түшүнүк кат жазып, “биз Акүйгө, аянтка Сооронбай Жээнбековду кетирип, Садыр Жапаровду бийликке апкелүү максатында келгенбиз. Түрмөдөн чыгарып келип, Акүйгө кирип, өткөзүп берип кеткенбиз” деген арыздары турат. 

Ооба, сөзсүз түрдө Октябрь окуясы боюнча иш аягына чыгышы керек. Менимче, бул иш аягына чыкпайт. Анткени бир тараптуу гана каралып, “мобу адамдар гана камалышы керек, калгандары апапак” дегендей ишарат көрсөтүлүүдө. Өзүңүз ойлосоңуз, президент “Октябрь окуясы – революция!” деп атса, прокуратура, ИИМ, УКМК “Октябь окуясы – төңкөрүш” дешүүдө. Бизге “Төңкөрүш” (бийликти күч менен басып алуу) деген берене койду да. Эгер бизди соттой турган болсо, анда Сооронбай Жээнбековду бийликке апкелиш керек дагы, бул бийлик кетиши керек да, туурабы? Калпыс болуп калганын прокуратура да моюнга алууда. Ошон үчүн Октябрь окуясы боюнча соттук иш кыскарышы керек. Кайрадан тергөөгө баруу кажет. “Жок, аныгына, чындыгына жетебиз” десек, анда ошол жерде жүргөн баардык партиянын лидерлерин, азыркы жана мурунку бийлик, Атамбаев, Жээнбеков, Жапаров – баардыгын сураш керек. Мына ошондо адилеттүүлүк болот. Анан эле бийликке сын айткан мени, мага окшогондорду камай берген туура эмес.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер