Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Элдияр Мадаким: “Сальвадор Дали” тасмасы – өзүмдүн өмүр баяным”

Элдияр Мадаким: “Сальвадор Дали” тасмасы – өзүмдүн өмүр баяным”

05-октябрь, 18:08
1 711 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Элдияр Мадаким режиссёрлук кылган «Сальвадор Дали» тасмасы АКШ жана Япониядагы ири кинофестивалдардын конкурстук программасына кирди. Тактап айтканда, тасма Чикагодо (АКШ) 5-ноябрдан 14-ноябрга чейин өтүүчү эл аралык балдар кинофестивалына катышат. Бул дүйнөдөгү 40 өлкөдөн 250 тасма көрсөтүлгөн, жыл сайын өтүүчү балдар кинофестивалы. Мындан тышкары, тасма 12-ноябрдан 5-декабрга чейин боло турган Саппородогу 16-эл аралык кыскаметраждуу тасмалардын кинофестивалында жана кино базарында да сынакка тандалып алынган. Биз тасманын режиссёру Элдияр Мадаким менен маек курдук.

-- Элдияр, тасманын атын да жакшы тандапсың, бул өзүңдүн өмүр баяныңбы?

-- Тасма менин тоо арасындагы айылда өткөн бала чагымды чагылдырып, Ормотой кызы Аваз чоң энемдин жаркын элесине арналат. Өскөн жеримдин кооз табияты, шаркырап аккан көк кашка тунук суусу, тоолуктардын жөнөкөй кулк-мүнөзү, бийик адамгерчилиги, нарк-насили менин көркөм табитимди ойготту. Ал эми чоң энемдин уздугу – түркүн боёкко боёп жасаган шырдактары, алакийиздери, колго соккон буюмдары көркөм дүйнөгө жетелеп, кызыгуумду арттырып, чыгармачылыкка шыктандырды. Тасмабыз кичи мекеним Алайда кыш мезгилинде тартылды.

-- Кино тармагына кызыгууң качан башталды? 

-- Бала кездеги кыялдарым акырындан орундалып, искусство мектебин, андан соң Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин информатика-дизайнер адистигин бүтүрдүм.

Ал эми кино тармагына 2009-жылдын аягында аралаша баштадым. Алгач продюсер-дизайнер болуп иштеп баштадым. Директор менин монтаждай аларымды билгенде, монтаж менен алектенүүнү сунуштады. Ошондон бери бул менин эмгегим.  

Садык Шер-Нияздын колдоосунун аркасында “Курманжан датка” долбоору мага дүйнөлүк деңгээлдеги түстөрдү коррекциялоо залын алууга жана бул өнөрдү өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берди. Бул менин профессионалдык жана чыгармачылык ишмердүүлүгүмдөгү чоң ачылыш болду.

-- Түстөрдү коррекциялоо боюнча кененирээк токтолсоң?

-- Менин ишимдин маңызы – тасманы акыркы вариантын көрө турган формада чогултуу. Түзөтүү – бул чыгармачыл жана техникалык процесс, кинематикалык тилдин маанилүү бөлүгү. Бул мозаикага окшош, ар бир кадр өз ордун табышы керек. Менимче, монтаждоо тасманын тагдырын чечет, кээде туура тандалган бир кадр бүт тасманы “сунуштайт”. Бул режиссёрлор үчүн кызыктуу чыгармачыл процесс. Эң негизгиси, ойлонуу жана фантазиялоо жөндөмү.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер