Акыркы кабарлар
» Саясат » Кызматтан министр Ниязбеков эмес, Бишкек ШИИБнин начальниги Ногойбаев кетиши керек
Кызматтан министр Ниязбеков эмес, Бишкек ШИИБнин начальниги Ногойбаев кетиши керек
07-июль, 20:07
529 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌“Азия Ньюс” гезити 2022-жылдын 24-мартындагы санында Свердлов РИИБнин милиция кызматкерлери 13 жашар кызды зордуктап жүрүшкөнүн жазып, Бишкек ШИИБ начальниги Азамат Ногойбаевдин кызматтан кетишин талап кылган. Көп өтпөй бул кылмышка башка адамдардын да аралашканын кошумча келтиргенбиз. Бирок убагында анчейин маани берилбей, чатак акыры ырбап кетти. Натыйжада, министр Улан Ниязбековдун отставкасын талап кылган бейөкмөтчүлөр, активисттер пикетке чыгышты. Коомчулукта талкуу жаралды. Эмне үчүн кризистик жагдайга баратабыз? Себеби, жашы жетпеген кызды зордуктап жүрүшкөн айбан сымалдардын сот процесстери создугуп, тийешелүү өкүм чыкпаганы, укук тебеленип, кордолгону кашкайды. Эми кырдаалдан кантип чыгуу керек? Биз баштагы сунушубузду кайрадан эскертели. Бишкек ШИИБнин начальниги Азамат Ногойбаев менен Свердлов РИИБнин тийешелүү жетекчилери кызматтарынан кетиши зарыл. Адилеттүү баа берилбесе, жара ырбай берип, акыры шишик сымал жарылат. Андыктан, азыр да кеч эмес. Шалаакы, ишине кайдыгер “хайвандар” тез арада тазаланбаса, министр Улан Ниязбековго чабуул, сокку жасала берет.
Бөлүшүү:
"Азия Ньюс" гезити