Акыркы кабарлар
» Саясат » Козукеев кайдасың? Өлкөдөгү жол кырсыктары элдин үрөйүн учура баштады
Козукеев кайдасың? Өлкөдөгү жол кырсыктары элдин үрөйүн учура баштады
29-апрель, 22:05


Соңку жумаларда жол кырсыктары өтө көбөйүп кетти. Топтошуп машиналардын кагылышканы, бир канча адамдардын өлүмү коштолгон маалыматтар соцтармактарда арбып, элдин үрөйүн учура баштады. Жолдо жүрүүдө айдоочулар кооптонуп калышканын билдиришүүдө.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын начальниги Азенбек Козукеев ички интригадан чыга албай, өздүк курамды коркутуу менен алекпи? Өлкөдө кандай жоготуулар болуп жатканына анализ жасап, сергек мүнөздө иштебейби? Идея, демилгелери жокпу? Мурдагыдай айдоочуларга пайдалуу пропагандалар жүргүзүлбөй калдыбы? Айтор, жолдой берсең соболдор арбын. Кайран гана кор болгон кызмат!











