» Саясат » Бийлик өкүлдөрү жылыга көчөттөрдү отургузганы менен аларды караган жумушчулар жок
Бийлик өкүлдөрү жылыга көчөттөрдү отургузганы менен аларды караган жумушчулар жок
06-апрель, 19:30
489 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Ушундай. Жылыга жаз айында Бишкек шаарына бак-дарактардын көчөттөрү отургузулат. Пиар, шоунун коштоосунда. Тилекке каршы, алардын көбү каралбагандыктан, куурап калганы ырас. Бул көрүнүш көнүмүшкө айланган. Быйыл да бийлик өкүлдөрү шаң-салтанат коштоосунда жарнама кылышып, көчөттөрдү отургузушту. Видеого, сүрөткө түшүшүп. Аныгында, жашылдандыруу үчүн күнүгө суу куюлбайт, бапестеп бага турган жоопкерчиликтүү жумушчулардын иштегенин көрбөйбүз. Баягы эле “бардак”. Өнүп чыккан, бой тиреген бактар өтө сейрек. Мына сага ашмалтай!