Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дастан Догоев жумушун таштап, Гарвардга окууга кетеби?

Дастан Догоев жумушун таштап, Гарвардга окууга кетеби?

08-июнь, 17:56
525 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттинин төрагасы Дастан Догоев Гарвард университетине окууга өткөндүгүнө байланыштуу жумуштан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул маалымат “Репортер” сайтына өкмөттөгү ишенимдүү булактарыбыздан келип түшкөн.

“Догоев АКШдагы Гарвард университетине өткөн экен. Ошондуктан жумуштан кетүү тууралуу арызын жазды. Учурда бийлик анын оордуна IT тармагын жакшы билген адис издеп жатат. Эртең премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиев жумушка чыгат, ошондо арызга кол коет” деди маалымат булагыбыз.

Маалымат булагы кошумчалагандай, Дастан Догоев радиожыштык сатуудагы коррупциялык ишке башында эле каршылыгын билдирген. Ушуга окшогон коррупциялык окуялар Догоевдин жумушка болгон көңүлүн суутуп, чет өлкөгө окууга кетүү тууралуу чечим кабыл алууга түрткү берип жатыптыр.

Буга чейин ушул эле маалыматты өкмөттөгү башка булактарыбыз кабарлаган. Бирок Дастан Догоевге байланышканыбызда, ал чет өлкөгө окууга ташыруу жеке маселеси болгондуктан, маалымат берүүдөн баш тартып, жумуштан кетүү тууралуу арыз жазбаганын кошумчалаган.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер