Шайлообек Атазов: “Ар бир жаран айына 200 сомдон бөлсө, куралдуу күчтөрүбүздү бекемдеп алабыз”

-- Шайлообек Карыбекович, куралдуу күчтөрдү чыңдоо максатында ар бир жарандан 200 сомдон жыйноо демилгесин көтөрүп жатасыз. Бул армиянын көйгөйүн канчалык деңгээлде чече алат?
-- Бүгүнкү күндө биздин мамлекетибиздеги эң көйгөйлүү маселе – бул чек ара. Мамлекет чек арадан башталат. Андыктан, чек араны бекемдөө зарыл. Биздин Кыргызстандагы он сегизге чыккан ар бир иштеп жаткан жаран өз ыктыяры менен ай сайын айлыгынан 200 сомдон берип турса, биз аны куралдуу күчтөрдү чыңдоого иштетсек туура эле болот. Биз болжол менен гана 200 дедик, бирөө мүмкүн 100 сом, дагы бирөө 200дөн көбүрөөк берер. Айына 200 сомдон берип турган кээ бир адамдар үчүн мекенчил катары оор деле эмес. Бирок, анын натыйжасында куралдуу күчтөрүбүздү бир топ бекемдеп алабыз. Чек ара бекем болсо, мамлекет күчтүү болот, мамлекеттин бүтүндүгү сакталат.
-- Демилге жакшы экен, бирок жыйналган акчалардын сарпталышы кантип көзөмөлдөнөт? Кимдир бирөөлөрдүн чөнтөгүнө түшүп кетпейби?
-- Туура, “уурдалып кетпейби?” деген коркунуч бар. Кээ бирөөлөр “шылуундардын чөнтөгүнө түшүп калбайбы?” деп кооптонуп жатышат. Бирок, аны көзөмөлдөөнүн жолдору бар. Президенттин алдында атайын эсеп ачса, же атайын комиссия көзөмөлдөсө да болот.
"Азия Ньюс" гезити