Өкмөт башына Өмүрбек Бабанов келеби, же Алмамбет Шыкмаматовбу?

РФ премьер-министри Михаил Мишустин өкмөт башчы Адылбек Касымалев менен жолугушууда кырк жылда да айтылбаган катуу билдирүү жасаган. Баарыбыз күбө болгондой, кыргыз экономикасына салым кошуп, жумуш орду менен камсыз кылып аткан чынчыл компанияларга мыйзамсыз дооматтарды таңуулоо, россиялык инвесторлордон опузалап акча талап кылуу боюнча Мишустин айтып, тынчсыздануу жаратканын кошумчалаган эле. Касымалиев конкреттүү жооп узата албай, карап көрүп, өзүнчө кабарлай турганын билдирген. Ошентип, коомчулукта чоң талкуу жаралды.
Андан соң Алмамбет Шыкмаматов чыга калып, “Мишустин мырза так эместикке жол берген, “опузалоо” деген туура эмес, биздин чарбалык маселеге кийлигишпеш керек” деген маанайда каш кайтарды. Бирок бул олуттуу жооп катары саналбай, алаксытуу таризиндеги ишараттай көрүндү. Себеби, биз өкмөт башчылык деңгээлдеги билдирүүнү бере албадык. Бир чети туура эле. Орустар менен тирешүүнү кыкеңдерге ким коюптур? Өзүбүздүн кетирген каталарыбызды оңдоого, андан жыйынтык чыгарууга дилгир бололу. Кайсы бир “кырды бычак” учурларды күчөтпөй, дипломатиялык мамилени бекемдөөгө салым кошуу шарт. Россия газды, күйүүчү майды эле чектеп койсо, эл ичинде эмне болуп кете турганын элестеттиңерби? Чечмелеп, майдалабай эле коёлу.
Кыскасы, Касымалиев ошол жолугушууда Мишустинден кагуу жегенден кийин “ууга жарабасы” ачык байкалды. Жасалма түрдөгү башбакан катары көрүндү. Кыргыздар мындайды “ооматсыз” деп коёт. Эми эртеңки күнүбүз кантет? Сыягы, тар чөйрөдө айтылган Өмүрбек Бабанов өкмөт башына келеби? Же Алмамбет Шыкмаматов ишенимге татыйбы? Бул деле окшоштурмак. “Ташмылтыктай” дегендей, акылдуу сүйлөп алып таканчык бермек да. Натыйжада, өтө куу, айлакер адамдар гана жогору көтөрүлбөсө, азыр бизде башкаларга жол жабык...
"Азия Ньюс" гезити