Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тынчтык Шайназаров, ЖК депутаты: “Судьялардын баары эле үлгү деп айтыш кыйын”

Тынчтык Шайназаров, ЖК депутаты: “Судьялардын баары эле үлгү деп айтыш кыйын”

31-январь, 00:55
454 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Тынчтык Ураимович, үч депутат судьялардын статусу  жөнүндөгү конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатасыздар. Сиздин оюңузча судьяларды тандоодо негизги критерий эмне болуш керек? Билимиби, кесипкөйлүгүбү, же жүрүм-турумубу?

-- Ал жерде бүт баары болушу керек. Биринчиден, билим. Тажрыйба андан бетер маанилүү. Жүрүм-турумунда да терс көрүнүштөр болбоого тийиш. Соттор – бийликтин бир бутагы. Алар коомго үлгү болушу зарыл. Азыр болсо көрүп атпайбызбы, баары эле үлгү деп айтыш кыйын. Арасында өздөрү мыйзам бузуп  жаткандары да бар. 

-- Мас абалда рулга отурган жалалабаддык судья мисалы... 

-- Президенттин жарлыгы бар, мамлекеттик кызматкерлердин этикасы жөнүндө. Ошол жерде алардын жүрүм-туруму кандай болушу керек экендиги бүт жазылган. “Башкаларга үлгү болуп, жаман көрүнүштөргө кабылбашы керек” деген норма бар. Мамлекеттин атынан чечим чыгарып аткандан кийин өзү ошого татыктуу болушу керек. Бул талап жалгыз эле сотторго эмес, прокурорлорго, милиция кызматкерлерине да тийешелүү. 

-- Сиздер сунуштап жаткан өзгөртүүлөр судьялардын сапатына канчалык деңгээлде таасир эте алат деп ойлойсуз?

-- Конкурстун жыйынтыгы боюнча  эң көп балл алган талапкер президентке сунушталат. Тийешелүү балл ала албай калган талапкерлер бир жылдан кем эмес мөөнөт өткөндөн кийин гана судьялардын башка бош кызмат ордуларына  конкурстук тандоого катышууга укуктуу. Башкача айтканда, төмөн балл алган  талапкер конкурстук тандоого бир жылдын ичинде бир нече жолу кайталап катыша албайт. 


"Азия Ньюс" гезити



Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер