Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Депутат кумарканалар тууралуу мыйзамдын долбоорунда алешемдиктер көп экенин айтты

Депутат кумарканалар тууралуу мыйзамдын долбоорунда алешемдиктер көп экенин айтты

11-май, 19:07
743 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жогорку Кеңеште кумарканаларды, оюн автоматтары бар залдарды жана лотереяларды ачуу тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда каралууда.

Алгач мыйзам долбоору жабык каралмак болуп, кайра депутаттардын талаш-тартышынан кийин ачык каралмак болду. Отурумда депутат Бактыбек Сыдыков мыйзамда алешемдиктер көп экенин айтты.

“Менин оюмча мыйзам али чийки, дагы иштелиши керек. Резервдик фонд жана лицензия тууралуу суроолор жаралууда. Лицензиянын баасы эмнеге мыйзамдын өзүндө каралган эмес? деди депутат.

Ошондой эле аталган мыйзамда так эместиктер көптүгүнө токтолду.

“Бул өзгөчө мыйзам долбоору болгондуктан, бардык оюн эрежелерин ушул мыйзам долбооруна киргизели. Кыргыз жаранына тыюу салган ар бир пунктту жазалы. Өтө көп жылчыктар бар мыйзам долбоордо, айыптар дагы минималдуу, келгиле, экинчи окууга жакшы иштеп келгиле” деди Сыдыков.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер